www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-майда Кыргыз футбол биримдиги дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттештерге даярдануу үчүн кураманын окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 6-июнда Малайзия жана 11-июнда Оман менен ойнойт.

Кеңейтилген тизмеге жалпы 33 футболчу кирген. Курамага чакырылган оюнчулардын арасында УКМКнын төрагасы, Кыргызстан футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин уул Эмир-Хан Кыдыршаев да бар.

33 оюнчудан турган команда машыгууларын Жалал-Абаддагы Барселона академиясында өткөрөт. Окуу-машыгуу жыйыны 27-майда башталып, 4-июнда жыйынтыкталат. Белгилей кетсек, окуу-машыгууларынын жыйынтыгы менен курамага 23 оюнчу кирет.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиевдин уулу, Эмир-Хан Кыдыршаев 19 жашта. 2019-жылы ал италиялык Паоло Росси футбол академиясына өткөн. Кийинчерээк испаниялык «Леванте» футбол клубунун академиясында машыга баштаган. 2022-жылы Эмир-Хан Кыдыршаев «Барселонанын» жаштар курамасынын катарына киргени кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости