www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында  аймагында суу каптоо коркунучун азайтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында министр Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Баш-Кайыңды айылында Ат-Башы суусунун жээгин бекемдөө максатында курулуп жаткан шпоранын курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты.

Аткарылып жаткан иштердин сапаты жана жүрүшү текшерилип, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн маселелер жеринде каралып, алардын негизинде тиешелүү түзүмдөргө кошумча тапшырмалар коюлду.

Министр калктын кайрылууларын эске алуу менен суу каптоо коркунучун азайтуу жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштерди улантып жатканын билдирди.

Последние новости