www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында жайкы эс алуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана сууга чөгүү учурларынын алдын алуу максатында бассейндерде рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар аймагындагы алты бассейн текшерилип, алардын санитардык абалы, коопсуздук талаптарынын сакталышы, куткаруу шаймандарынын бар-жогу жана эс алуучулар үчүн түзүлгөн шарттар бааланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү сунуштар берилди. Ошондой эле бассейндердин ээлерине жана жооптуу кызматкерлерге коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Тиешелүү кызматтар мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантыларын белгилешти.