Каныбек Иманалиев: “Чындыкты камай албайсың”
Маек  |   |  1798

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты:

Каныбек Капашович, маекти мамлекетибиздин өсүүсүнөн баштасак. Биздин өлкө 7 жылда өстүбү, же?

–“Дүйнө коому” саясат таануу институтунун эксперттеринин жылдык рейтинги боюнча Кыргызстан келечеги жок 41 мамлекеттин катарына кирди. Бул биз үчүн өтө коркунучтуу. 178 өлкөнүн ичинен Тажикстан - 46, Түркмөнстан – 81, Казакстан -107-орунда. Бул бир. Экинчиден, карыз боюнча. Мына былтыр эле Африкадагы Мозамбик өлкөсү күчтүү бир чоң өлкөдөн, державадан карыз ала берип, карызы 30 миллиарддан ашып кетиптир. Анан ошол карызды төлөй албай калганда, акча берген өлкө: «Улуттук валютаңарды жок кылып, биздин улуттук валютаны киргизисеңер”,-деп шарт койду. Демек, карыз алган өлкө финансы суверитетин жоготту. Мен муну менен эмнени айткым келип атат. Биз дагы ушул тагдырды кайталап калбасак экен.

Мына азыр глобалдык эбегейсиз атаандаштык доор. Бул эмненин атаандашы? Бул – билимдин, технологиянын, мамлекеттин, курал-жарактын жана сооданын атаандаштыгы. Биз, тилекке каршы, биригип алып сырткы мамлекет менен атаандашкандын ордуна, өз ич-ара атаандашып атабыз. Ошентип Кыргызстан алсыз өлкөгө айланып баратканы кейиштүү.

Биринчиден: мамлекеттик институттардын алсыздыгы.

Экинчиден: мыйзамдын сакталышы.

Үчүнчүдөн: мамлекеттик институттарга иштеген чиновниктердин деңгээли. Мисалы, мына 95-96 жылдары аким, губернатор ким экенин эл-журт  билчү, таанычу. Азырчы? Азыр бизде мамлекеттик кызматтарга көбүнчө спорттон же бизнестен келип атат. Албетте, алардын деле келгени жакшы, бирок, аларда жетиштүү мамлекеттик кызматка даярдыгы жок болуп жатпайбы! Мамлекетти башкаруу - бул акыл-эс, тажрыйба, интеллектуалдык деңгээлге, байланыштуу болот.

–А азаттыктын кадырына жеттикби?

Биз алигүнчө үч нерсенин кадырына жете электейбиз да.

Биринчиси – эркиндиктин.

Экинчиси – мамлекеттүүлүктүн. Мисалы Африкада алмаз, алтыны бизден көп. Бирок, алар ошол өз алтынынын ээси эмес. Израилде болсо 1 грамм дагы алмаз же бриллиант чыкпайт. Бирок дүйнөдө монополист Израил өлкөсү да.  Үчүнчүсү – элибиздеги жакшы адамдардын көзү тирүүсүндө барктап, кадырлап алсак.

–Бизде деле алтын көп да. Мисалы, Кумтөр. Ага деле биз ээлик кылган жокпуз, бутубуздан туруп кеткен жокпуз, туурабы?

–Туура, бизде алтын көп, дегеле кен байлык бизде толтура. Биздин алтынды кыргыздар башкарган жок да, эл аралык шылуундар башкарып жатат.

Шылуун демекчи, Бакиевдердин учурунда шылуундар пайда көрүп кетти. Шылуундарды алып келип, үзүрүн көргөн Максим Бакиев эле. Ошол адам Кыргызстанды доого жыгып, конпенсация сурап атат. Буга эмне дейсиз?

–Бул жаңылык жалпы кыргыз элинин намысына тийди, беделибизге чоң сокку болду. Кыргыз Өкмөтү биринчи жолу эл аралык сотко кайрылып, тилекке каршы, Максим Бакиевге утулуп, элдин эсебинен акча төлөнгөнү турат. Тагырагы, моралдык компенсация төлөп беребиз. Ал деле чоң сумма эмес, 20 миңден 50 миң долларга чейин. Кеп суммада эмес, убадада. Убактылуу Өкмөт ошондо элге убада бербеди беле, “Курманбек Бакиевди алып келебиз!” деп, “Жаныш Бакиевди алып келебиз!” деген, алып келе алган жок. Эми Максим Бакиевди алып келмек түгүл, ага утулуп берип жатпайбы. Текебаев менен соттошобуз деп бардык күчүн ошого жумшап, Максим Бакиевге утулуп атпайбы. Андан көрө бийлик менен оппозиция биригип алып, Максим Бакиев менен күрөшпөйт беле?! Мына жакында Максим Бакиев чет элдик саясий качкын катары, саясий куугунталган адам болгонуна 5 жыл болуп, жакында Великобританиянын жарандыгын алып, атын өзгөртөт. Анан Максим Бакиевге өмүр бою эч ким эчтеке дей албай калат. Бул баарыбыз үчүн утулуш.

–Ал эми ага күбө болгон адам кечээ кармалды го?

–Бул “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин доо арызы боюнча. Кыргызстандын соту аны колдогон. Бирок, өз өлкөсүндө негизги күбө Берти Синбет келбей коюп алгачкы инстанцияда уттуруп койгон. Эми ал соттон качкандыгы үчүн камалды, жагдай өзгордү. Бул иште мен да көрсөтмө бергем. Үч адам  күбө катары суракка келип, мурдагы айткандарын тастыктап берсе М.Бакиев толук камалышы мүмкүн.

–Бул бийлик Өмүрбек Текебаев эле эмес, Аида Саляновага да иш козгоп жатышпайбы?

–Аида Салянова генпрокурор болуп турганда, коррупцияга каршы күрөшүүдө иштер алдыга жылган. Суроо туулат: Эми Елисеевди кармаш керекпи же Салянованы айыптоо керекпи? Ширшовду кармаш керек беле же Шыкмаматовду жазалоо керек беле? Чындыкты айткандын баарын камай берсе, мамлекетти жалаң калпычылар, кошоматчылар башкарып калат. Чындыкты түрмөгө камай албайсың да. Адамды ак жеринен күйгүзгөн Кудайга да жакпаган иш. Бүт дүйнө ИГИЛ менен күрөшүп атса, бизде гана бүт бийилик органдары бар мүмкүнчүлүгүн жумшап, оппозиция менен күрөшүп атат. Биригип алып улуу иштерди жасабай, бөлүнүп алып, кармашып атабыз. Кыска өмүрдө жакшылык издебей, бири-бирибизден жамандык издеп куру убара болуудабыз.

–Коркунучтуу нерсенин бири – ушак-айың болуп жатат. Ушак айыңдын негизинде Өмүрбек Текебаевди камап коюшту. Бул биринчи эле мыйзам бузгандык. Экинчиден сот отуруму жабык өтүп келди. Текебаевди баарыбыз көрө албай келдик. Жакында сот отуруму ачык өтүп көрдүңүздөр. Биз табында экенин байкадык. А сиздерчи?

–Ооба, туура биз дагы баягыдай эле Текебаев табында, айтканынан кайтпаган, курч позициясынан танбагандыгын байкадык. Ага негизи адвокаттын деле кереги жок. Ал өзүнө адвокат, мыйзамды жакшы билет. Буга акыры тарых баасын берет, сот жана тарых актайт. Сиз айткандай бир шылуундун ушак-айың көрсөтмөсү менен эле камап коюшту. Мисалы, Россияда экономика министри Улюкаев 2 млн. доллар менен кармалганда да аны камашкан жок. Ал үй камагында калды. Анын күнөөсүн Путин “Эми калганын сот аныктайт” деп айтты. Эч ким аны ТВдан “ууру”, “кески” деп каралаган жок. Эми салыштыралы, Россиянын жараны акча алганы тастыкталса дагы үй камагында калып атат. А бизде акча алган, албаганы аныкталган жок. Эч нерсе далилдене электе эле камап коюп жатышпайбы. Ошол жалган жалааны мамлекеттик каналдар 3-4 айдан бери чындай көрсөтүп, каралап келатышат.

Кыргызстанга зыян келтирген Маевскийби же Текебаевби? Эки өлкөнүн жарандары соттошуп калса, ар бир өлкө өзүнүн жаранын коргойт, колдойт. А бизчи, кайра кордоп атабыз. Болбосо Маевский каяктан, качан келгенин баары эле билишет. Ушактын негизинде коррупция далилденбейт да. Тышкы элге күлкү болуп атабыз.

–Калптын аягы кандай бүтөт деп ойлойсуз?

–Мунун аягы жакшы бүтпөйт. Себеби, Конституцияда адам укугу, аброю, ар-намысын коргоо боюнча жазылган. Мыйзам бузуу болуп атат. Азыр адамдын укугун тебелеп жаткан криминал эмес, эл аралык террористтер эмес, баягы Бакиевдин кезиндеги ОБОНчу аялдар (булар Бакиевдер менен кошо кеткен) да эмес, бул - бийлик. КТР дегеле мамлекеттик телеканалдар аркылуу жамандап жатышат. Булар эртеби, кечпи мыйзам жазасын алат. Мыйзам чегинде жазасын албаса, Кудайдан жазасын алат. Жалган жалаа, калпты Кудай да жактырбайт.  Бир кезде биригип Бакиевге каршы күрөшкөн Атамбаев менен Текебаев, эми тилекке каршы бири-бири менен күрөшүп      атканы – өтө өкүнүчтүү. Кыргыз эли илгертен сөз барктаган калкпыз, сөздөн эпопэя жараткан элбиз. Текебаев биздин, менин мактоомо муктаж эмес. Себеби, ал турмушта из калтырган адам. Ал Масалиевдин, Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын учурунда да Текебаев болчу. Ошол бойдон калат. Бул бийлик Текебевди сындырабыз, алсыратабыз дешкен. Андай болгон жок, Текебаев кайра курчуду, бекемделди, эми эл алдында таза экендигин далилдөөгө күчү жетет.

–Бирок, кечиресиз, сиз мактап, сыймыктанып жаткан элибиз чыныгы таза адамды колдогонго чыкпай жатпайбы. Мына Текебаевге аз эле адам келип жатат...

–Ооба, туура, тынчтык митингге биз күткөндөй эл чыккан жок. Анын себеби бар. Эл чынында митинг, төңкөрүштөн тажады. Анткени анын арты жакшы болгон жок. Төңкөрүштөн көңүлү калды. Бул бир. Экинчиден, адамды жашаган жери жерине жараша мүнөзүн калыптандырат. Биздин мүнөз бүгүнкү аба ырайына окшош. Гумилевдун “Ландшафты формируют характер” деп айтканы бар. Тоолуктардын мүнөзү тоодогу аба ырайына окшош келет. Үчүнчүдөн, 2010-жылы 24-мартта, Темир Сариевди колдоп 150 адам эле чыккан. Ошондо да “эл колдогон жок” деп чыгышкан. Анан эки жумадан кийин 7-апрелде бийлик алмашты. Ошол сыңары, азыр бүтүм чыгаруу эрте.

–Азыркы соттордун дагы жооп берчү күнү келет деңизчи?..

– Ооба, алардын дагы мыйзам алдында жооп берчү күнү келет. Мындан 5-6 жыл мурда сот системасы бийликке жарым-жартылай көз каранды болсо, азыр бүтүн бойдон көз каранды. Мына биз жети жолу Текебаев менен Чотоновдун соттук процессине мыйзамдын баш чарасын коргоону өзгөртүү боюнча кайрылдык, баарында тең “камакта калсын!” деген чечим чыкты. Кулов, Ташиевди бошотууда кандайдыр бир соттордо эркиндик, тажрыйба бар болчу, өздөрүн мыйзам чегинде иш алып баруусун көрсөтө алган. А азыркы соттордо таптакыр андай жок, бардыгы бийликтин көзүн карап калышты. Мындай учурда кантип биз акыйкаттыкты орното алабыз? Эң ириде сот өзү акыйкат болуш керек да. Адамдар президентке же парламентке акыйкат издеп барбайт да, сотко барат. Бизге акыйкат орномоюн бизнес да өнүкпөйт. Бизде чоң, орто бизнес да бир кыйла алсырады. Былтыр күздө Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын лидери убада бербеди беле, “ушул Конституцияны кабыл алсаңар эле бизнесте бейиш болот” деп. Бир дагы бейишке чыккан бизнесменди көргөн жокмун. Ошол Конституцияга 7 ай болду. Кандай реформа болду? Саламаттык сактоо министрлигинде, ИИМде, укук коргоо органдарда эч реформа тилекке каршы болгон жок. Оорулуу адамга таза аба кандай керек болсо биздин чабал экономикага реформа ошончо керек.

–Коррупция Кумтөрдө да...

–Туура, 7 жыл бою Кумтөрдү сындадык. Бирок Кыргызстандын үлүшүн бир тыйынга көбөйтө алган жокпуз да. Жанторо Сатыбалдиев Өкмөт башчы кезинде ар жылы “кечиктирген сайын 80 млндон 100 млн долларга чейин уттуруп атабыз” деген. 7 жылдан бери кечеңдеген миллиондор кимдин чөнтөгүнө түштү? Энергетиканы алсак, 25 жылдан бери бир млн тоннага жакын көмүрдү Казакстандан сатып алабыз. Ал жакта өздүк баасы  32–40 доллар. Биздики ага 10-15 доллар кошуп сатып алып жатат. ГСМ, контробандадан 6-7 миллиардга чейин салык түшчү. Киреше бюджетке азыр азайды. Келген киреше кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жататда. Бажы, Энергетикада коррупция азайган жок. “Кыргызстанда коррупция жок” десе, Ысык-Көлдө балык жок дегендей эле кеп да. Мына мунун баарын эл бийлик алмашканда айтат. Азыр чындыкты айткандан көбү кооптонуп жатат.

–Мына ушунун баарын ММКлар жазыш керек эле, айтыш керек эле, ал жокко эсе болгондой?..

– Азыр айрым журналисттерге болгон чабуулдан кийин сак болуп калышты. Силерге окшогон эркин журналисттер эле жазбаса, чындыкты жазбай калышты. Саясатта деле ошондой, көрүп жатасыңар, чыныгы оппозициялык маанайдагы саясатчылар бар, бирок аз. Бирок чындык үчүн күрөшкөн күч дайым аз болот, тар жол, тайгак кечүүдө калат. Биз азыр ошондой тагдырдын сыноосундабыз.

Президенттик шайлоонун алдында турабыз. Сиз 7 премьер-министр менен иштештиңиз. Президенттик шайлоого мурунку жана кийинки премьер-министрлер да аттанып жатышат. Кимиси татыктуу деп ойлойсуз?

–Туура мен жети премьер менен иштештим. Кимиси татыктуусун эл тандайт. “Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт” деген кеп бар го. Бирок, кылган иштерине баа бере алам. Ушунча премьердин ичинен тажрыйбасы жагынан чечкиндүү жана алгылыктуу иш кылган Темир Сариев болду деп парламентте айткам. Президенттик шайлоого аттанып жаткандардын баарына ак жол каалайм.

–Президенттик шайлоо таза өтүп, татыктуу адам келет деп ойлойсузбу?

–Биз чоң сыноонун алдында турабыз. Президенттик шайлоо - бул жаңы адамды шайлоо эмес, жаңы доорду тандоо. Президенттик шайлоону арам эмес, адал кылышыбыз керек. Дегеним арам акча саясаты болбош керек. Биз коррупцияга аралашпаган адамды бийлик башына алып келишибиз зарыл. Черчиллдин айткан жакшы сөзү бар: “Саясатчы келаткан шайлоону ойлойт, а мамлекет болсо келечектеги муун, урпактарды ойлойт” деген. Жакшы айтылган. Мына Ельцин мамлекетти алсыратты, а Путин мамлекеттик системаны бекемдеди. Бийликке эң ириде “государственниктерди”, мамлекетчил адамдарды апкелди. Алар Путинге эмес, бүтүндөй өлкөгө кызмат кылууда. Бизде азыр бийликтегилерден кимди “государственник” деп айта алабыз...

–Атамбаевдин айланасынан бирөөсүн да айталбайм.

–Мына көрдүңүзбү...

–Бул шайлоодо коркконуңуз эмне?

–Кылмыш дүйнөсү, диний күчтөр жана чет элдиктер бул шайлоого аралашпаса тынч шайлоо өткөзүүгө өзүбүздүн күчүбүз жетет.

–Атамбаев кандай ажо болду: кашаңбы, жасалмабы же күлүкпү?

–Эми эч нерсе кылган жок дегенден алысмын. 2010-11-жылдары абдан кыргыз элине кыйын болду. Анда оппозициялык маанай да күчтүү болчу. Тышкы дүйнөдө блокадада калган элек. “Датка – Кемин” Бишкек ТЭЦи, Түндүк–Түштүк жолу, мурда салынбаган көп жолдор, мектептер салынды. Чек арачылар, аскер адамдары үйлүү болду. 2015-жылга чейин алгылыктуу иш кылды, буга биз ырахмат айтышыбыз керек. Бирок акыркы бир жарым жылдагы окуялар көлөкөсүн түшүрүп, беделине көп доо кетирип койду. Коррупциялык схема кайра орноду. Оппозиция, эркин басма сөзгө кысым күчөдү. Мөөнөтү бүтүп жатканда белгилүү сасатчылар менен соттошуп атканы эң өкүнүчтүү. Референдум башталгандан бери кырсыктуу жолго түшүп алдык. Мунун аягы жакшылыкка алып келбеси түшүнүктүү го.

–“Таза коом” долбоору тууралуу эмне айта аласыз?

–Иралды, долбоор, идея катары ар тараптуу колдоого татыктуу. Бирок, азыр чиновниктердин деңгээли менен ишке ашып кетишине күмөнүм бар. Эң өкүнүчтүүсү биздеги эң мыкты иштелип чыккан бир дагы стратегиялык документ толук бойдон ишке аша элек. Маселен, “Коопсуз шаар” мындан беш жыл илгери эле демилгеленген. Анын аткарбай жаткан – бийлик өзү. Эч бир чиновник жазасын алган жок. Анын айынан тилекке каршы күнүнө 3-4 жараныбыз авто кырсыгынан көз жуумп кетүүдө.

Кечеги Бишкек шаардык соттун чечими боюнча эмне дейсиз?

–Эң кызыгы баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Д.Чотонов сотко кайрылган эле, бирок сот Ө.Текебаевдин баш коргоо чарасын кошо да карап, өзгөртүүсүз калтырган. Бул мыйзамды сыйлабагандык, эртели кечпи бул да окуяга акыйкат баа берилет деп ишенем. Сот жана мыйзам  – мамлекеттүүлүктүн өзөгү. Сот бир ууч адамдын кызыкчылыгына иштеп баштаганда эл иренжийт, ишенич азаят. Мамлекеттүүлүктүн өзөктүү принциптери ыдырап, ал аягы катастрофага апкелиши мүмкүн. Антип, от менен ойнобош керек.

Булак: "Ачык саясат"

 

Поделитесь с друзьями