www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Адахан Мадумаров жаңы Кыргызстандын тарыхында өзүнүн ордун таба билген, ар дайым принципиалдуу позициясы менен айырмаланган саясатчы», - деди бүгүн, 17-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Адахан Мадумаров экинчи ирет Башкы прокуратурага суракка чакырылыптыр. Айрымдар муну саясий куугунтук десе, айрымдар суракка чакырылганын мыйзамдуу эле көрүнүш катары кабылдап жатат. Сиз бул жагдай боюнча кандай ойдосуз?

- Адахан Мадумаров жаңы Кыргызстандын тарыхында өзүнүн ордун таба билген, ар дайым принципиалдуу позициясы менен айырмаланган саясатчы. Өзүнүн кызматтык каръерасын өзү гана жасай алган мамлекеттик ишмер.

Тилекке жараша, андай инсандарыбыздын бир топ эле эффективдүү армиясы өсүп чыкты. Бул жакшы көрүнүш. Ал эми кечээги сурак жөнүндө айта турган болсом. Эмне эле ажиотаж кылып жатабыз? Мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз. Милдеттерибиз менен укуктарыбыз дагы бирдей болушу керек.

Ошондуктан тергөөнүн Адахан мырзага болгон дооматтары бар болсо, аны мыйзам чегинде кароо абзел. Эгерде эле саясий куугунтуктун элементтери байкалып калса, анда бул өтө жаман көрүнүш болот. Көбүбүздүн башыбыздан өттү го? Анын ичинде менин өзүмүн дагы. Курулай доомат эч натыйжа бербейт.

Тескерисинче, айып адилетсиз коюлса, ошол айыпталуучунун аброю кескин көтөрүлүп кетет. Анткени, азыр кыргыз эли өтө эле акылдуу болуп алган. Эл көрөгөч. Баардык нерсеге тез эле адекваттуу баа берип коёт.

Менимче, азыр мындай тирешүүлөрдү токтотуп, баарыбыз жапа-тырмак өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүнүн камын ойлошубуз керек. Кымбатчылык менен кембагалдык - мына биздин негизги душмандарыбыз!

Парламентте конструктивдүү оппозициянын болушу аба менен суудай эле керек. Керек болсо оппозициялык маанайды колдоп турушубуз зарыл.

Андай болбосо оппозиция көчөгө чыгып алат. Аягында коомдун стагнация абалы пайда болот анан жарылат. Кечээ Казакстанда ошондой болду. Андай нерсе өзүбүздүн башыбыздан деле 3 жолу өтпөдүбү? Кудай анын бетин ары кылсын!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости