www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада 781 киши коронавирус жуктурду

Өткөн суткада Кыргызстанда 781 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 658;

Ош шаары – 11;

Чүй облусу – 48;

Талас облусу – 14;

Нарын облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 6;

Жалал-Абад облусу – 14;

Баткен облусу – 27.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 190 468ге жетти. Анын ичинен 181 072 адам дартты жеңген. Азыркы тапта стационарда 907, ал эми үй шартында 4 167 адам дарыланууда. Ооруканада жаткандардын ичинен 318 бейтаптын абалы оор, ал эми 52 кишиники өтө оор деп бааланды.

Тилекке каршы, өткөн суткада оору үч адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо 2 833 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости