www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Коррупциядан кутулуу үчүн бир жылда эбегейсиз зор иштер жасалды, аны күчөтүш керек», - деди бүгүн, 5-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, президенттин кечээги кайрылуусу коомдо чоң талкуу жаратты. Президенттин кайрылуусу купулуңузга толдубу?
- Президенттин кайрылуусун эл албетте, күтүп жаткан. Акыркы жыл абдан динамикалуу болду. Президенттик шайлоо, 2 референдум, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, эмне деген түйшүктүү иш чаралар!
Ушулардын баары тынч өткөнү элдин олжосу. Ызы-чуудан калкыбыз биротоло тажап бүтүптүр. Албетте, көйгөйлүү маселелер арбын. Айрыкча экономикабыз кризистен чыга албай келет. Президент өзүнүн кайрылуусунда курч маселелерден качпастан, ачык айтканы дурус болду.
Аны жашыруунун эч кереги жок. Кыскасы, президенттин кайрылуусу мага жакты. Канча кыйынчылык болбосун, азыр аны колдоп туруубуз керек. Дагы бир катаклизмдин кимге кереги бар?
- Садыр Нургожоевич бийликке келгенине бир жыл болуптур. Бир жылда эмне өзгөрдү?
- Отуз жылдык жаңы тарыхыбызда көп түйшүктөрдү өзүбүз эле жаратып келбедикпи? Эми аны оңдоп-түзөп алууга кандай гана эрк, күч жана энергия талап кылынышы керек!
Акыркы жылы стабилдүүлүк орун алганына дагы каниет кылалы. Кымбатчылык, Баткен кырсыгы, баш-аягы көрүнбөгөн ковид коркунучу бир топ эле азап салды элге.
Бирок чыдап, биригели, бөлүнбөйлү. Алдыда оор кыш мезгили турат. Бийлик кадр маселесин адилет чечип берсе деген үмүт. Билимсиз ээнбаштар өлкөнү артка тартып жатышат.
Анан, албетте, коррупция. Ушул илдеттен кутулуу боюнча бир жылда эбегейсиз зор иштер жасалды. Бирок адекваттуу жазалоо болбой жаткандай. Муну күчөтүү керек.
Булак: NazarNews.kg