www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президент жалгыз иштеп жатканы үчүн ага баарыбыз жардам беришибиз керек», - деди бүгүн, 5-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.
- Президенттин кайрылуусун окудум. Бардыгы туура айтылган, ошол эле «Кумтөр» боюнча, энергетикадагы абал боюнча жакшы айтылган.
Албетте, Садыр Жапаров чоң маселелерди чечип атат, коңшу өлкөлөрдөн бекер, арзан электр энергиясын алып келүү боюнча сүйлөшүп берди, элге тарифти көтөрттүргөн жок. Бирок, ал жалгыз иштеп, оор маселелерди чечүүнүн аракетин көрүп жатат.
- Эмне үчүн президент жалгыз иштеп жатат?
- Мисалы, ошол эле энергетиканы башкаргандар иштебей жатат. Президенттен башкасы кыйратып иштебегени үчүн өкмөттүн кышка даярдыгы жок.
Ошентсе да Президент чоң маселелерди чечип жатат. Эмнегедир жооптуу кызматтагылар ажо каалагандай, эл каалагандай иштебей жатат. Ошон үчүн баарыбыз биригип, жардам бергенден башка жол жок, убакыт бизге каршы иштегенин эске алышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg