www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бөйпөлөктөбөй, акыркы учурда пайда болгон «пахта коймой» деген лексиконсуз айтканда, азыр чынында эле кыргыз журту башынан кыйың кезеңди өткөрүүдө. Алаңдаган эл ичинде толгон токой суроолор...
Ушу тапта бийлик олимпиндеги билермандарыбыз бийликтин бийик небоскрёбуна чыккандарынын бир жылдыгын белгилеп жатышат. Айткандарын уксак - дагы деле убадалар, узун убадалар.
Турмуштун реалдуу картинасы, айрыкча социалдык лифт, саламаттык тармагы кандай абалга кептелгенин айткылары жок. Сөздөрүнүн маанисин аңдасаң - «баары сонун!» Макул, бул тууралуу дагы кеп кылаарбыз. Азыр учурда көпчүлүк контингенттин көңүлдөрү алдыдагы боло турган парламенттик шайлоого ооп турат. Анда ошол тууралуу ой таштап көрөлү.
Учурдагы «легендарлуу» парламентти далайлар азыр көрөйүн, угайын деген ниеттери жок калды. Ал жактагыларды эпистолярдык жанр менен боёктосок топ-тобу менен жүрүүчү «чөөлөр» үйүр тобу менен кирип кеткендей түр. Орустун классик акыны Н.Некрасовдун «Кому на Руси жить хорошо?» деген белгилүү ыры бар. Ал ырда ошол кездеги помещиктердин жыргал жашоосу сүрөтөлөт.
Анын сыңарындай, азыр биздин Кыргызстанда эң жыргал жашоо эле «ошолордуку» болду. Жумушка кааласа келет, каалабаса келбейт. Отурган иш ордуларынан каалаган учурда басып кетет. Уят, сыйыт, принцип дегенди капка салып жардан ары небак эле ыргытып ийишкен.
Бир чети элибиз да ошого өздөрү жол берди. Далайлары «анын колунда бар» дешип, акчалууларды ээрчип кетишти. Айрымдары жөн эле аларды «бул жарыкка бир келген» пир катары тутушуп, тегеректеп жүрүштү.
Тилекке каршы, андайлар улут башына чындап коркунуч туулганда «эшектин тушагын» чечкенге да жараган эмес. Ишенбесеңиз тарыхты ийне менен казып караңыз.
Тескерисинче, элдин башына түшкөн оор күндөрдө карапайым элден чыккан акылмандар, болоттой курч, камчы саптай бекем азаматтар гана эл баштап, «тар жол, тайгак кечүүдөн» элин өткөрүп кеткен.
Булар эми өткөн тарых дейли, анда мындан бир жыл мурунку пандемиялык «карала вирус» кирип келип, эл алапайын таппай атканда алар бир-бирине алкоо айтып, грамота, белек-бекчектерин тартуулашып, каткырышкан бойдон эс алууга тарап кетишкендери эч кимдин деле эсинен чыга элек чыгаар.
Мыйзамдарды болсо пачкалап чыгарышты, чыгарып да атышат. Алар жараткан «мыйзамдар» Библия менен Курандан жүз эсе көп. Ушу тапта «өлүү» жаткан 20 миңден ашуун мыйзам, ушул мыйзамдарга тете 30 миңдин тегерениндеги мыйзам актылар, токтомдор жараксыз турат, козголбой. (Кээ бир мыйзамдар ошол эле Ак үйдүн короосунан чыкпай «шал» болуп калууда.)
Жер жүзүндө миллиарддаган адам ыйык туткан Курандын 114 сүрөсү, 6236 эле аяты бар. А бизде, мисалы, бир эле «КРнын граждандык кодекси» 1208 беренеден турат. Ал эми адамзаттын төрттөн бир бөлүгү 1500 жыл бою ыйык тутуп келген Библиянын жалпы көлөмү Кыргыз мамлекетинин 4 же 5 мыйзамынын көлөмдөрүнө барабар. (Кезинде Рим тарыхчысы К.Тацит «мамлекет канчалык ылдый кулаган сайын, анын мыйзамдары көбөйө баштайт» деген экен.)
Эмне себептен жогоруда мисал кылган Куран менен Библиянын миңдеген жыл бою бир тамгасы да өзгөрбөй адамдардын аң сезиминде жашап келе жатат? Анын улуу күчү эмнеде? Бул эки улуу китептин мындай касиети - бийирдүүлүк, адамдык, чынчылдык, боорукердик, сабырдуулукту эң алдыга коюп жазылышында.
Буларды айтканым болочоктогу кыргыз парламентинин корпусу кандай болоор экен деген санаркоо. Бае эл дагы куру убадаларга ишенип же болбогон тыйынга добуштарын сатып ийишпээр бекен деген чыйрыгуу.
Анан калса ал шайлоого кимдер баратканын, алгачкы аттары атала баштагандардын “кебетелерин” карасаңыз, бир далайы дале баягылар. Ошол эле учурда улуттун ар-намысы, акыл-эси болгон илимий чыгармачыл, интеллегенция дээрлик нөлгө эсе.
Ушуга мисал - кечээ жакында эле Орусияда 3 күнгө созулган шайлоо аяктады. «Стратегиялык партнёрубуз» деген Орусиянын Мамлекеттик думасынын 25-30 пайызы улуттун намысын көтөрүп жүргөндөр, окумуштуу-илимпоздор, ааламды дүңгүрүткөн чемпиондор, дагы далайлаган билим дүйнөсүнүн алптары менен толукталды.
Бул деген Орус думасында интеллектуалдык потенциалы эбегейсиздер жүрөт дегендик. Чыны менен эле алар орус элинин элитасы, акыл-эси, ар-намысы. Минтип аларды аргасыздан тизмектегеним - бизде бүгүнкү чакта «акыл баалуулук эмес, акча баалуу» деген көз караш салмактуу болуп баратканында. Улуттун трагедиясы дал ушунда.
Ошентсе да «Насыйкат» күүсүндө же «Сынган бугуда» сыздаган кайрыктардай үмүт өчөт, кайра жанат... Жаңы парламент кандай болоор экен деп.
Кенжебек Арыкбаев
Булак: NazarNews.kg