www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Азыркы бийлик эч бир бийликтин тиши өтпөгөн «Кумтөрдү» канадалык Алдар-көсөлөрдөн тартып алды», - деди бүгүн, 5-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.
- Калдарбек агай, бийлик алмашканына бүгүн туура бир жыл болду. Андан бери эмне өзгөрдү?
- Өктөбүр өзү күлүмсүрөбөй, кабагына кар жаап келбеди беле... Бирок болоору болуп, бойоосу канды. Бирок бул төңкөрүштү эл жасаган жери жок, жанагы ызалуу партиялардын капчыктары жасап салышты.
Уу-дуу болушуп, кала берсе Ак үйдү өртөп салышты го КСДП, Чоң казат, башкалар... Ойлогон ойлору көктө эле, бирок жүгүргөн эмес, буйруганга тийип, Жапаров менен Ташиевди ээрчиген эл келип калбадыбы бийликке.
Ошондон бери берки тарап аркы тарапка котур ташын ыргытканы ыргыткан. Мындай карасаң, Жээнбековдун учурундагы эле кырдаал. Маалымат согушу катуу жүрүп, өздөрүн эми оппозиция баатыры катары көрсөткөндөр сыртынан күлүп, ичинен ыйлап, муштарын түйүп ыңгайлуу кезди аңдып отурушат.
Ачыгын айталы, элдин аң-сезими бир сөөм ары же бери өзгөргөн жок. Көртирликтин кулуна айланган жанына дагы эле мына ошонун көзүрү болгон «пулуң болсо кулуңмун» туурунда. Кечээкиден түзүгүрөөк бийлик келип калса, турмуш-шарттары мындан да ары өрлөп кетсе деген эле тилеги бар калайыктын.
Соңунда какаганга муштаган болуп таажы вирус кирип келди кылычын кынынан сууруп. Кризис башталды дүйнөдө. Бирок Жапаров башында турган бийлик мына ушундай оор кырдаалда саясий чечимдерин ырааттуу жүзөгө ашыра алышты.
Кризистен бир айласын таап чыгып кетишти. Таң бериш керек... Дегеле эч бир бийликтин тиши өтпөй, анын көзү менен кошо айланган «Кумтөрдү» канадалык Алдар-көсөлөрдөн тартып алышы элдин көзүн ачты.
Андан кийинки кадамдары да эл үчүн, жер үчүн болуп, коррупционерлер менен кагаз жүзүндө эмес, мыйзамдын негизинде катуу күрөш жүрүп, бир катар «крокодилдердин» капаска түшүшү да элдин кодоосуна татыды. Экономикалык жылыштар аз болсо да бар, анткени алтын кен кыргызга иштеп жатпайбы. Муну ар бир жаран сезип турат.
Кадрларды ротациялоо, Баткен согушундагы чечкиндүү-чечкинсиз аракеттер, андан кийинки курулуш иштери, дегеле бүгүнкү жүргүзгөн саясаты, кандайынан албайлы, элдик жыттанып калды.
Бирок зор байлыктын, бийликтин алдындагы жылда калыптанып калган кулдук сезим (андан мурун 70 жыл Союздагы кулчулук сезимди да унутпайлы) баары бир өзүнүн артисттик өнөрүн унуткара койбос.
Аны жергиликтүү кеңештерге шайлоо даана көрсөттү. Келаткан парламенттик шайлоодо бир тарап оңолуу, өзгөрүү үчүн күтүп жатса, башка бир тарабы кезектеги ыңкылап, төңкөрүш жасоого аракетин көрүүдө
Бир сөз менен алигиче улут катары калыптана албай жатканыбызды аныктаса, идеологиябыздын учугун таап, ааламдашуудан оболу кыргыздашып алмайынча бул нук өзгөрө койбос.
Бир нерсеге түшүнбөйм, идеологияны философиядан издешип, сулуу сөздөр менен жазышып, кырааты менен окушуп, акыры тапканы ушул болсо, анан неге кайра эле ошол эски изине түшүп жатышат? Иделогия жөпжөнөкөй болушу керек, мисалга «Мен кыргызмын» дегендей болсо эле калың журтка жетет го. Улутчулдук болбосо кайдагы калыптануу... Мына, талибдер көп жылдык оогандыктардын хандыгын жоюп, пуштундардын бийлигин орнотушту. Европадан демократиялык сунуштарды айтканы менен алар дароо Эмират аталып алышты.
Опуртал болсо да, өжөрлүгүн коюшпай, өздөрү максаттарына түшүнбөсө да... өрлөп барууга кам көрүп, тобокелдикке башын сайышты.
Аларга караганда бизде кырдаал башкача го... Бийиликте саясий эрк бар. Эмне үчүн элибизде ал жок? Маселе ушунда. Жетеленмей адатыбыз калбай, көрүнгөн көрүнгөндү айтса, анын ушчылыгын билип туруп ээрчип кетип жатабыз. Эч нерсе жакпайт, кымбатчылыкка асылабыз... аны-муну шылтоолойбуз... болгону күнөөнү өзүбүздөн издеп көрүүдөн жаа бою качабыз.
Үлкөн мамлекетибизди мөмөлүү нукка буралбай жатып, башкаларга асылып, тыңсынганыбыз курусун! Өзгөрүүнү аң-сезимден, өзүбүздөн башташыбыз абзел. Өзүбүз өзгөрбөсөк, дүйнө бизди өзгөрпөйт, анткени биз өзгөрүп, ошол дүйнөнү өзгөртөбүз да акыры.
Булак: NazarNews.kg