www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талибан» жоочулары чек арага жакын аймактан жүздөгөн кишини күч менен алып чыгып кетишти. Эки миңдей ооган качкыны бир айга чукул убактан бери Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусуна караштуу Ишкашим району менен чектеш жерде турган. Талибдер чек ара аймагынан чыгып кетүү үчүн калган качкындарга бир сутка убакыт берди.
Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору Тажикстан менен чектеш аймакта тургандарды качкындар эмес, ички кайрылмандар деп атады. Ооганстандын түндүк райондорунун жүздөгөн тургундары ооган-тажик чек арасындагы Ишкашим тилкесине коңшу өлкөгө өтүп кетүү үмүтү менен келген. Бирок тажик чек арачылары аларды өз аймагына киргизген жок.
«Озоди» радиосунун Ишкашимдеги өз булагы күн мурун талибдер качкындардын бирин өлтүргөнүн билдирди. Качкындардын арасында Панжшер өрөөнүнүн көптөгөн жашоочулары бар.
«Биз өтө оор абалда калдык. Талибдер бир үй-бүлөнү өлтүрүп таштагандан кийин Панжшерден бул жакка келдик. Кишилердин денелери үйдүн ичинде калды, талибдер ал жакка эч кимди киргизбей, дарбазаны жаап салышты. Биз Кабулга качып бардык, кудайга шүгүр, аман калдык. Бирок Кабулда иш жок, көптөгөн адам ачка отурат. Биз тааныштарыбыздан карызга акча алып Тажикстан чек арасынан өтүп кетүү үчүн бул жакка келгенбиз», — деди качкындардын бири.
Бул арада Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Амонуддин Мансур 4-октябрда Синьхуа агенттигине - 600дөй кайрылман Тажикстан чек арасынан үйлөрүнө кайтарылганын маалымдады. Ал кишилер куралдуу кагылышуу учурунда качууга аргасыз болгонун, азыркы бийлик алардын коопсуздугун камсыздагандан кийин баары үйлөрүнө кайтканын белгиледи. Качкындар болсо талибдер аларды коркуткандан кийин артка кайтууга аргасыз болгонун билдирип жатат.
Булак: NazarNews.kg