www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президенттин электр энергиясын сатып алууга жол тапканы да элин ойлогону десек болот», - деди бүгүн, 5-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.
- Эсенгул агай, президенттин төрт маселе боюнча элге ачык кайрылуусун ар ким ар кандай кабыл алып, оң да, терс да баа берилип жатат. Ажонун бийликке келгенине туура бир жыл болуптур. Ал жооптуу кызматты аркалаганы кандай алгылыктуу иштерди жасай алды?
- Мамлекетин ойлоп, элге кызмат кылам деген жетекчи ар шылтоону айтып жана мурунку өлкө башчыларына күнөөнү артпай, изденүү жолу менен ак эмгегин элинин турмушун жакшыртууга жумшайт.
Садыр Нургожоевич Жапаровдун кайрылуусун бардык маселе боюнча ачык жана жөнөкөй тил менен жеткизгенин элибиз жакшы кабыл алууда. Себеби, бир жылга жетпеген өлкө башкаруу убактысында көп алгылыктуу иштерди бүтүрдү.
«Кумтөр», айлыктардын, пенсиялардын көтөрүлүшү, маданият, спорт тармагы алгылыктуу колдоого алынып жатканы, көп балалуу үй-бүлөлөргө, мигранттарга жана бюджеттик мекемелерде иштегендерге ипотекалык насыяны төмөн пайыз менен берүүсү, айыл чарбага көңүл бурганы жана башка толгон мисалдарды келтирсек болот.
Эми кышка даярдык көрүүдө да кайдыгер болуп отурбай, коңшу мамлекеттерден электр энергиянын баасын мурунку жылдардан эки эседен ашыгыраак арзандатып, сатып алууга жол тапканы да биринчи иретте элин ойлогону.
Мамлекеттик казынаны ысырап кыла бербей, дипломатиялык мамиленин негизинде жолун тапса болоорун көрсөттү. Ошону менен бирге акыркы күндөрү эки кабат өз үйүн мамлекеттик ишканага өткөрүп бергени бардык чиновниктерге, бизнес чөйрөсүндөгү инсандарыбызга жана өсүп келе жаткан муунга өтө чоң үлгү болгонуна элибиздин жүрөгү жылып, келечегибиздин оңолооруна ишенип турган чагы.
Булак: NazarNews.kg