www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«15-20 жыл президенттик башкаруу менен жашап турганыбыз оң», - деди бүгүн, 5-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине адам укуктары боюнча мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.
- Октябрда бийлик алмашканына туура бир жыл болуптур. Андан бери эмне өзгөрдү?
- Эң негизгиси, Кыргызстанда стабилдүүлүк камсыз болду. Өлкөдө тынчтык өкүм сүрдү. Революциядан кийин укуктук чекке кайтып келдик. Жаманбы, жакшыбы өнүгүп жатабыз.
Эң негизги өзгөрүүнүн бири жаңы конституция кабыл алып, президенттик бийликке кайтып келдик. Ондогон партиялардын башкаруусу түгөнүп, бир адамдын башкаруусуна өттүк.
Мурун партиялык система менен шайлоо болгондо коалиция түзгөн партиялар жогорку даражалуу кызматтар гана эмес, айыл өкмөт, имараттарга чейин бөлүп алышчу. Азыр болсо президенттик башкарууга өттүк. Бул убактылуу нерсе.
Айтайын дегеним, өлкөбүз бутуна туруп кеткиче 15-20 жыл президенттик башкаруу менен жашап турганыбыз оң. Эми конституциялык мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Ага жаңы парламент жана көп убакыт керек.
Жаңы бийлик келгени, элди 30 жылдан бери алдап жүргөн инвесторлор качып кетти. Бийлик жакшы иштеп, баарын иретке келтире баштаганы үчүн чиновниктер мурдагыдай чалчаңдабай калышты.
Мамлекеттин казынасына кол салса эртеби-кечпи камалаарын билишти. Эмне деген каражаттар өндүрүлүп, мамлекеттин бюджетине которулду. Кыскасы, тарбиялык мааниси бар көп иш жасалды. Эми кускандарды Кылмыш кодексинин негизинде мыйзам жообуна тартыш керек.
Ичкен-жегенин төлөп, келтирген чыгымды калыбына келтирип койсо эле бошоп кетпеши керек. Тагыраагы - жүйө жеңилдегени менен жоопкерчиликтен кутулбашы керек.
Ошондой эле, жаңы бийлик келгени кошуналар менен мамилелер калыбына келди. Тагыраагы, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан менен мамилебиз жакшырды.
Мындан тышкары, дүйнөлүк коомчулук менен мамилелер жакшы нукка бурула баштады. Учурда Америка менен ушул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыскасы, мамлекет аралык алакалар жакшырды.
Эң негизгиси, азыркы бийликтин кемчилиги болсо дагы, элге жакын болуп, маселени эл менен кеңешип чечүүгө аракет жасап жатышат.
- Кемчиликтери кайсылар?
- Кемчиликтери айрым адамдар камакта жатат. Аларды камаштын кажети жок эле. Анткени саясий куугунтук кылып жатат деген жаман атка кабылып калышы мүмкүн. Ошон үчүн бул маселеде азыркы бийлик этият болушун суранам.
Саясий багытта күнөөлөнгөн адамдар түрмөдөн чыгып кетишин каалайм. Октябрь айындагы революция үчүн камакка ала турган болсо, ченелүү эле кишини эмес, көп адамды жоопко тартыш керек болуп калат.
Булак: NazarNews.kg