www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы Өзбекстанга бензин импорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3-2 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет. «Түркмөнстан 2021-жылдын башынан бери Өзбекстанга 121 миллион литр бензин экспорттоп, коңшу өлкөгө күйүүчү майды Орусиядан кийинки экинчи негизги жеткирүүчү болуп калды», - деп айтылат маалыматта.

Комитеттин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Өзбекстан 280 миллион литрден ашуун бензин импорттогон. Өлкөгө күйүүчү майды импорттоого сарпталган сумма болжол менен 100 миллион АКШ долларын түздү. Ошентип, бензин импорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 эсеге көбөйдү. Белгиленгендей, август айында эле Өзбекстанга 7 миллион литр бензин алып келинген.

Бул жылы Өзбекстанга күйүүчү май жеткирүүдө биринчи орунда Орусия турат - 139 миллион литр. Түркмөнстандан кийин Казакстан үчүнчү орунда - 16 миллион литр, андан кийин Ирак - 3,6 миллион литр. Ошол эле учурда, январдан августка чейин Өзбекстандын өндүрүш ишканаларында 730 миң тоннага жакын бензин өндүрүлгөн. Мында жергиликтүү отунду өндүрүү 2020 -жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,1 пайызга өстү.

Өзбекстандын Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-августунда 418,1 миллион долларга жетип, жылдык негизде 23,6 пайыздан ашык өстү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости