www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө мамлекет башчысы жана УКМКнын төрагасы атайын багыттагы жоокерлерди — «Альфадан» 12 адам беришти, деп билдирди бүгүн, 5-октябрда, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов.

Ал «Биринчи радионун» эфиринде Кара-Кече көмүр кенинде көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Жакыповдун  айтымында, 5 күн мурун «Альфанын» жоокерлери курал-жарагы менен «Кыргыз көмүрдүн» коопсуздук кызматынын 20 кызматкерине кошулду. «Альфа» күз-кыш мезгилиндеги жылытуу учурунда Кара-Кечедеги коопсуздукту камсыздоо үчүн жөнөтүлдү.

Ошондой эле, Кара-Кечеге ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлерин дагы жөнөтүү макулдашылды. «Мамлекет башчысы көмүр кениндеги коопсуздук маселесин көтөрүп, чоң талкуу болгон. «Кыргыз көмүрдөгү» маселелерди айтып бергенбиз», - деди Жакыпов.

Ошондой эле ал Кара-Кечеде коррупциянын алдын алуу үчүн 2 тараза коюлганын, алар онлайн режимде иштеп жатканын айтты. Кара-Кечеде жалпысынане 24 видеокамера орнотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости