www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги качан болсо калыс сөзүн айткан, эч кимге жагалданбаган. Ак сүйлөп, адал иш кылган Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, коомчулукту ойго салган “Кумтөр” маселеси тууралуу сүйлөштү.
-Каныбек агай, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра голд” компаниясы кытайларга сатканы жатыптыр деген маалымат коомчулук тарабынан чоң талкууга түшүп жатат. сиз бул маселени кандай жол менен жөнгө салууну сунуштайт элеңиз?
-Азыркы саясий кырдаалдын чиелениши "Кумтөрдү" элдин мүдөөсүнө бап келгендей кылып чечип алсак боло турган мезгил келип калды! Бүгүнкү күндүк парадоксу менен ачуу чындыгы ушул! Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө түздөн-түз тапшырма берип, “Кумтөрдү” улутташтыруу жолун бачым жасатса жакшы болоор эле. Президент тарыхта калып, эл өзүнүн энчисине ээ болуп калат болчу. Башка жолду көрбөй турам. Улутташтыруу, улутташтыруу жана улутташтыруу!
-Эгер “Кумтөр” чындап эле сатылып кетсе, ага ишенген экономикабыздын, бюджеттин абалы не болот?
-Бул маселеде артка кетенчиктеп, будамайланып коркпой эле турушубуз керек! Кумтөрдун экономикага тийгизген же кошкон салымы элге бир дагы жуккан жок жана эми мындан ары анык жукпай калды. Алардын 7-8 % зы коррупционерлер тарабынан желип жүргөнүн азыр ымыркай бала дагы билип алды! Жаратылышыбызды аянычтуу кылып талкалаган бул каракчылыкты токтото турган кез өзүнөн-өзү келип турат. Бул элибиздин тарыхый мүмкүнчүлүгү! Бюджет ансыз деле 20 млрд. дефицити менен онтолоп жатат. Эл өзүн-өзү багып алууда. Карапайым элге “Кумтөрдүн” токтотулушу билинбей деле калат. Уурдап жаткандар эле кыйналышпаса! Кытайларга сатып жиберишсе, анда чоң козголоңдорго жол ачып алышат! Кудай анын бетин алыс кылсын!
-“Кумтөр” кени ачылганда эле аферисттердин колуна түшкөнү баарыбызга маалым. Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишим түзүүгө шарт түзгөн жетекчилерди эртели-кеч жоопкерчиликке тартыш керекпи?
-Ооба. Башка вариант болуусу дагы мүмкүн эмес. Анткени, “Кумтөр” аферасы убагында Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана саясый палитрасын түп тамыры менен жамандык жагына карай өзгөрткөн. Элдин башка жактарга тентип кетип, сагыр, малай болуусуна дагы так ушул кээ бир жетекчилер жана көпчүлүк чиновниктердин “Кумтөргө” окшогон уурулук, таламай кылмыштары себеп болду. “Кумтөрдөн” башка кендер эмне таланбай, сатылбай турабы? Ал жактарда мындан дагы аянычтуу абалдар түзүлгөн. Президенттин демилгеси биринчи кезекте ушул кендерди майкандаган кылмышкерлерге каршы багытталышы абзел. Күнөөкөрлөр адилеттүүлүк менен жазаланмайын, кылмыш дагы миң эселенип жасала берет! Көр турмуш, кыйналган өмүлөр аянычтуу жолдор менен улана берет!
-Азыркы бийликтин чыккынчы келишимдерди түзгөндөрдү жзалоого күчү, эрки жетеби?
-Мен башында тарыхый мүмкүнчүлүк чукул келип калганын так ушул себептен айттым. Анткени, президент Сооронбай Жээнбеков “Кумтөр” аферасына аралашпаган сейрек саясатчылардын бири. Эмнеден чочулашсын? Менимче азыр элдин багын так кесе жогорулатып ачып коё турган мүмкүнчүлүк турат. Муну маалкатыштын деле кереги жок. Эл дагы өтө активдүү колдоп берет. Мен буга ишенем!
Булак: NazarNews.kg