www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпысынан алганда Орто Азия түгүл, адам баласында таасирин жоготпош үчүн мураскор калтыруу аракети тарыхта көп эле. Кайсынысы элдин пайдасына болгонун эстеген деле адам аз. Мындай пикирин журналист Канышай Мамыркулова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Эми мындай...

"Жапайы анализ" жакса дагы, жакпаса дагы жазып салайын, акча төлөп жаттыңар беле? Бир жагынан гезитке жазып жүргөн адам кээде чубалжытып жазганды сагынып деле калат...

Казактардын "жапайы Армандары" бар болсо, кыргыздардын "жапайы анализ" жасаган мендей жаман-жуман адамдары көп. Чындап келгенде бизге жакын эл болгондуктан жашоо-турмуш, кулк-мүнөз, саясаты айтор, баары эле окшош. Айрыкча, алаксый албай турганда көп нерсе ойго түшөт. Бул эми жеке маселе...

Жалпысынан алганда Орто Азия түгүл, адам баласында таасирин жоготпош үчүн мураскор калтыруу аракети тарыхта көп эле. Кайсынысы элдин пайдасына болгонун эстеген деле адам аз. Алыска барбайлы, кечээги Казакстандагы окуяларды карап отурсак, Атамбаев-Жээнбеков окуясын деле эске салат. Болгону биздин "шалдар" жашыраак.

Бир жагынан, биздин эл көп Президентти "көк улактай" көтөрүп чаап, көнүп калган. Элибиздин эркин мүнөзү эзелтен калыптанып, Орто Азияда аз сандуу болгону менен саясый жактан активдешип кеткен. Буга салымы бар саясатчылар дагы жок эмес. Бирок, элдин кулк-мүнөзү өзү жаратылышынан шар болбосо, ага жетиш деле кыйын болмок болсо керек.

"Боосу менде сен катынган жүгөндүн" деген Алмазбек Шаршенович мураскор саясатын башында жакшы эле баштаган.

"Көчүңүздү улайм" деген Сооронбай Шариповичтин тагдырын кайталай берүүнүн кажети жок. Октябрь окуяларында бир чети динчил, бир чети чечкинсиз аракети менен Касым дагы, Жоомарт дагы боло алган жок. Мунусуна деле рахмат деш керек.

Эл аман, журт эсен калды. Бирок, саясатчы катары өзү жыдып түштү. Алмазбек Шаршеновичти деле өтө мактап зарыл эмес. Кемчиликтери көп болгон. Бирок, өйдө-төмөн сүйлөсө дагы тышкы саясатта айбаты бар эле. Демек, айырма деле өтө эмес.

Казакстандагы ээрчишкен "эки шалдын" мураскерлиги дагы ит жыгылыш менен аяктады. Алматынын тегерегиндеги Нураке чыккан чапырашты уруусунун көчөгө көп чыгып, көп чабылганын эске алсак, Бишкектин айланасындагы айылдардын окуясы эске келет. Токаев дагы Нуракенин эки күндөн бери "шыпырылтып" баштады. Шарипович дагы бир кезде болушунча чыдап, акыры "жарылып" кеткен.

Мунун өзү бийликте эч кандай мураскерлик, достук деген түшүнүктөрдүн орду жок экенин дагы бир жолу тастыктайт. Викрамдын окуясы бийликти жанталашып, укук тармагы менен бекемдөөгө болбой турганын дагы бир жолу далилдеди. Дүйнө жүзүнө 30 жыл убара болуп курган бийликти кетпей койгон "шал" өзү түгүл, Токаев баш, КНБсы төш болуп, уят кылды. Бирок, уятты сезиш үчүн дээр керек. Ал эми саясатта өзүн деңгээлдүү сезгендердин баарында эле бул нерсе жок.

Бир элди бийлесе болот. Бирок, тарыхта таза ат менен калуу кыйын. Нуракенин 30 жылдык мамлекет курган тынымсыз эмгегин ачкөздүгү, үй-бүлөсү (бизге окшоп), бийликке кумар жаратылышы жеңип кетти. 80ден ашкан адамга мындан өткөн кандай азап бар?

Мамлекеттик кызматтарга резерв кадрлардын армиясы жылдап даярдалган менен дүйнө жүзүнө ОДКБнын окуясы аркылуу жаман аттуу болду. Аймагы кең, калкынын саны көп өлкө "өпкө куушурулгандай" абалда турат. Таба дебей, тобо дей турган жердебиз. ОДКБга аскер берип, кайра "боткого таарынган баладай болуп" барбай койгон Садыр Жапаровду деле ашыкча мактап зарыл эмес.

Айрыкча, өзүн активист сезгендер абайлаш керек. Ал Кремль үчүн асмандан түшкөн "десанттай" болуп турат. Колдой турган жерде колдоп турсак болот, бирок "кокуй" постторду коштоп жаза берсе уят болот. Тышкы саясат оюнчук эмес. Ага 2/2=4 дегендей даяр туруш керек.

Бакиевдин кадрларын колтугуна кысып алып, башаламан башкара берүү максатка ылайык келбейт. Тарыхта калыш үчүн өң-тааныш, өлөсөлүү кадрларды карап чыгыш керек. Анткени, "дос саясаттын" доору бүткөн кезде "мураскор саясат" башталып кетиши мүмкүн. Ал болсо, Токаев "чөөлөр жүрөт" дегениндей "чөө саясатка" айланып кетиши бат эле. Анткени, адамдын табияты ошондой.

Тамакка чоң тойсо байыгысы келет, байлыктан кийин бийликти эңсейт, андан ары арааны ачылып кетиши мүмкүн. Дээри бүдөмүк ойду жараткан адамдын мындайда көзү тумандашат. Адамдарды кумурска сыяктуу эле көрүп калат. Дээринде бары ар бир адамдын жашоосун жүрөгүнөн өткөрөт. Ал эми мындай адамдар тилекке каршы, өтө сейрек", - деди журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости