www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 13-январында Казакстандан ЖККУ (ОДКБ) аскерин алып чыга баштайт. ЖККУ (ОДКБ) биринчи ирет кагазда гана жазылбаган уюм экенин көрсөтө алды. 10-январь күнү ЖККУнун мамлекет башчылары  онлайн аркылуу пресс-конференция уюштурушту. Мамлекет башчылары Путин, Лукашенко, Токаев, Рахмон, Пашинян арасында сүлүк курттай болуп Акылбек Жапаров отурат. 1-январдан баштап чиновниктер он күн бутун керип эс алышты. Карапайым калк жанын карч уруп иштеп жатышты. “Чиништер” 10-январь күнү он күн ичкен арактары баштарын тээп турганда телевизорду карашса эле мамлекет башчысы болуп Акылбек Жапаров отурат,аны менен кошо Путин, Лукашенко, Токаев, Рахмон, Пашинян. Качан Акылбек Жапаров мамлекет башчысы болуп калышкан дешип баштары маң.

2022-жылы ЖККУга (ОДКБ) Армениянын премьер-министри Пашинян төрагалык кылат, бирок бары бир Орусиянын президенти Владимир Путин кожоюндук кылып, Казакстанга 70 учак менен аскерин кийирип, башаламандыктын заматта таш-талканын чыгарды. Калгандары аны колдомуш болушту. Орусия НАТО менен тирешип турганда Казакстанды колдон чыгарбай кармап калганы дурус болду. Болбосо, бул мамлекетти колдон чыгарып жиберсе Орусия үчүн өтө жаман болмок.

СССР 1955-1991-жылдары НАТОго каршы Варшава келишимин түзгөн. Берлин дубалынын урашы менен бул согуштук блок жок болгон. Варшава келишимине кирген мамлекеттер менен бирге СССРдин курамындагы Латвия, Литва, Эстония НАТОго кирип кетишкен. Акыркы жылдары НАТОнун кеңейүүсүнө итиркейи келип турган Орусия дүйнөдөгү эң чоң өлкө. Аянты 17 098 242 чарчы километр жана 11 убакыт зонасына созулат. Орусия АКШ жана Кытайдан эки эсе, Индиядан беш эсе, Британиядан 70 эсе чоң. Бирок элинин саны Кытай, Индия, АКШ, Пакистан, Нигериядан аз. Орусиянын 75% жери Азиядан орун алганы менен бул жакта жарандардын 22% гана жашайт.

Орусиянын батышынан чыгыш кыйырына поезд менен алты күндө жетесиз. Токой, кыртышы көк муз болуп тоңгон тундра, тайга, талаа, тоолор – баары учу-кыйырсыз жатат. Кремлдеги жетекчилер өлкөнүн саясий стратегиясын ченемсиз аралыкка, табигый өзгөчөлүктөргө карап аныктап, жүргүзүшү абзел. Ушул жагдай Кремлди бир нече кылымдан бери түрдүү багытка турнабай салып турууга мажбурлайт, бирок көңүл чордонунда Батыш. Эмне үчүн? Себеби, Ыраакы Чыгышты география өзү коргойт. Батыш чек арасы – 60 933 км, анын 38 808 километри деңиз. Ошондуктан Орусия үчүн Түндүк Европа ойдуңунун аскерий-стратегиялык мааниси эбегейсиз. Ойдуң батыш Франциядан Урал тоолоруна чейин “чубалып”, түндүк Франция, Бельгия, Нидерландия, түндүк Германия жана Польшаны дээрлик толук камтыйт. Кеңдиги 482 км. тете бул аймактын инфраструктурасы Ыраакы Чыгыш менен Сибирге салыштырганда аябай жакшы өнүккөн.

Түндүк Европа ойдуңун түштүк капталынан кысып, табигый чеп катары кызмат кылган Карпат тоолорунун этеги Молдовага жетпей түгөнөт. Молдованы Балкан жарым аралынын түндүк чыгыш босогосу десе болот. Орусия Федерациясы суусу жылуу деңизге түз чыкпаганын айтсак, Түндүк Европа ойдуңунун стратегиялык баасы жана Крымды басып алышынын себеби ого бетер түшүнүктүү болот. Наполеондун 1812-жылкы жортуулунан бери карай, 1853-56-жылдардагы Крым согушун кошо эсептегенде, Орусия Түндүк Европа ойдуңунун тарабында ар 33 жылда бир мертебе согушуп турган. Украинанын чыгышы жана Приднестровьедеги улутчулдарга каршы адамдарды  буфер катары пайдаланышып азыр да муштумун түйүп турат.

Өлкөнүн Мурманск сыяктуу Арктикадагы порттору бир нече ай, Тынч океандагы Владивосток порту төрт ай тоңуп турганы аз келгенсип, Япония деңиз жолун бөгөп турат. Мунун кедергиси соодага тийгенден башка Орусиянын деңиз флотунун дүйнөлүк мухиттерге түз чыгуусун татаалдаштырат.

1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн.  Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. Бул келишим 1994-жылы күчүнө кирип, беш жыл сайын узартып туруу каралаган, 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан  бул келишимди узартышып Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан. Жамааттык коопсуздук келишим уюму ал кезде күчкө кире элек эле. Ошондуктан, Кыргызстандын аймагына 1999-жылы можахеддер кирген учурда Жамааттык коопсуздук келишим уюму  эч кандай саясий жана аскердик жардам бере алган эмес. Тескерисинче, мурун Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болуп жүргөн, ал кезде Ислам Каримов президент болуп турган  Өзбекстан можахеддерге сокку урабыз деген шылтоо менен кыргыз айылына сокку уруп кеткен.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйындары

  1. Ташкенде 1992-жылдын 15-майы;
  2. Москвада 1992-жылдын  6-июлу;
  3. Ашхабад 1993 - жыл;
  4. Алматы, 1994 - жыл;
  5. Минск, 1995 - жыл;
  6. Москвада, 1995 - жыл;
  7.  Москвада, 1996 - жыл;
  8. Москвада, 1997 - жыл;
  9.  Москвада, 1998 - жыл;
  10.  Москвада, 1999 - жыл;
  11. Москвада, 2000-жыл;
  12.  Ереван, 2001-жыл;
  13. Москвада, 2002-жыл;
  14. Дүйшөмбү, 2003-жыл;
  15. Астана, 2004-жыл;
  16. Москвада, 2005-жыл;
  17. Минск, 2006-жыл;
  18. Дүйшөмбү, 2007-жыл;
  19. Москвада, 2008-жыл;
  20. Москвада, 2009 -жыл;
  21. Москвада, 2009-жыл;
  22. Москвада, 2010-жыл;
  23. Бишкек, 2010-жыл.
  24. Астана, 2011-жыл;
  25. Москвада. 2012-жыл;
  26. Сочи, 2013-жыл;
  27. Москвада, 2014-жыл;
  28. Москвада, 2014-жыл;
  29. Дүйшөмбү, 2015-жыл;
  30. Ереван, 2016-жыл;
  31. Минск, 2017-жыл;
  32. Астана, 2018-жыл;
  33. Бишкек, 2019-жыл;
  34. Онлайн сүйлөшүү, 2-декабрь 2020.
  35. Дүйшөмбү, 2021-жыл

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости