www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ Жогорку кеңештин сессиясы элдин бүйүрүн кызытты. Депутаттар болгон бир адамды КТРКнын коомдук кеңешине мүчө катары шайлай алышпай убара болушту. Анда Чынара Капарованы бир добуштан депутаттар колдоп, өткөрүшкөн. Төраганын орун басары Аида Касымалиева да журналист катары анын өтүп кетишине жан далбас кылып, Капарованын көп добуш алып, жеңип чыкканын жарыялаган. Жада калса токулбаган токтомун да окуй калган. Кайдан-жайдан бузуку депутаттар чыга калып, шайлоону бузуунун жолун издеп ар кандай чыр чыгарса болобу?
Чыгарган чырларын өздөрү да, түшүнбөй ой бай кыйла талашты гой. Ары тартышты болбоду, бери тартышты болбоду, эч эле болбоду. Депутаттардын чыныгы жүзү ачылып бири-бирине каршы сунуш түшсө да колдоп отургандыгында болду. Колдошун колдоп алып, кайра өздөрү каршы чыгып кыйкырып чыгып жатышты. Болгон бир мүчөнү шайлай албай полдон да ылдый түшүп кетишкендигин өздөрү да моюндарына алышты.
Көрсө, ары-бери тартышып отурганынын да жөнү бар экен. Касымалиева добушка коюп өткөрүп койгон Капарованы өткөрбөөнүн айласын таппай жатышыптыр. Акыры анын да айласын табышты окшойт. Эптеп өздөрү каалаган Атыркүлүн өткөрүп алышты.
Булак: NazarNews.kg