www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Капчыгы калың Эльвира Сурабалдиева Ош, Баткен, Жалал-Абат жана Талас облустарынын тургундарын түйшүккө салып жаткан Сокулуктун жол боюндагы базарын жылдыртпай, бийликтегилердин “кекиртегин” майлап жатабы?
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир жума мурун чылага чулганган мал базарлар боюнча маселе көтөрүп, тез арада иретке келтирүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылды.
Ооба, бул маселе далай мекендештерибиздин көкөйүнө көк таштай тийген көйгөй экени жалпыга маалым, тизеге чейин чулганган баткак маселеси тез арада чечилиши зарыл.
Арийне, базар темасы көтөрүлгөн соң, бир эле баткак менен чыла эмес, элибиздин кендирин кесип, алыскы сапарларда жолдон калтырып, тоскоолдук жаратып, сай-сөөккө батып жаткан дагы бир көйгөй чечилиши кажет.
Ал - мамлекеттик стратегиялык багыттагы жол боюнда жайгашкан мал базарлар. Бул көйгөй буга чейин калк тарабынан айтыла берип тили тешилди. Келген бийлик убадасын кат-каты менен берип эле келе жатат, тилекке каршы анысы ишке ашкан жок.
Баарын тизмектеп отурбай, бир эле мисалды айтсак, өлкөбүздүн түндүк менен түштүгүн байланыштырган Бишкек-Ош жолундагы Сокулук базары. Дем алыш күндөрү бери дегенде бир саат кармаласың. Качан барба тыгын. Малдын тезеги, уйдун жампалары жолдун ашмалтайын чыгарганын көргөндө жети өмүрүң жерге кирет. Азыр биз өлкөнү өнүктүрөбүз деген ураан менен туристтерди чакырып жатабыз. Бирок, алар Сокулуктагы жолду көргөндөн кийин дароо артка кайтышы мүмкүн.
Бир топ жыл мурун, Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөт жетектеп турган маалда дагы бул боюнча жаны ачып, какшап: «Жол жээгиндеги базарларды көчүрүш керек. Сокулукта райондун борборунан өтө албайсың, киши уялат эй. Акимчилик менен базардын айырмасы жок болуп калды. Өтүп жаткан машинанын агымынан эле соода кылган кишинин мээси чарчайт да. Ун, шекер, күрүч, нан ж.б. азык-түлүктү асфальтка чейин алып келип сатып жатышат. Бул элдин ден соолугун талкалайт да. Жок дегенде акимдер ушуну чечпейсиңерби» деген эле.
Андан бери бир топ заман өттү, базарлардын ошол бойдон чаңы сапырылууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, райондун, облустун жетекчилери жана өкмөт башчылары эл алдында күпүлдөгөнү менен иш жүзүндө базар ээси болгон Э.Суравалдиевага бүкчүңдөшүп, анын айтканын эки кылалбай турушат. Облустун жетекчилери менен акимдер, «алаканын майлатып» жатабы? Эгер капчыгы калың депутатка «кекиртегинен» илинбесе, анда эмнеге элдин талабын аткарышпайт? Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн жалпы кыргыз жапа чекпеши керек да!
Баса, кечээ Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев базар көйгөйү боюнча жыйын куруп, ага тийешелүү министрликтер менен ведомстволордун, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондун жетекчилер менен ири мал базарлардын ээлеринин катышуусунда видеоконференция режиминде кеңешме өткөрдү.
Анда мал базарларды талап кылынган ветеринардык жана ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо, суу түтүгүн, канализацияга туташтыруу, эгерде канализация жок болсо, анда санитардык түйүндөрдү (чуңкурларды) орнотуу, электр менен жабдуу, өрт коопсуздугунун сактоо, базардын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүү маселесин чечүүнү тапшырды. Мындайча айтканда, бийлик бийик сересинде отургандар тарабынан элдин түйшүгүн чечүү тапшырмасы берилди. Эми аны облус жана райондун жетекчилери чечип береби? Же, кадимки көрүнүштү кайталап, эски илдет менен «алакан майлаткан» соң, элдин түйшүгүнө түкүрүп коюшабы?
Же, бийликтегилер элден коркпой Суравалдиевадан коркот! Анчалык корксо октябрь окуясында Суравалдиеваны башка чапкан атаны чакыртуу зарыл го...
Булак: NazarNews.kg