www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-апрелде Октябрь окуяларына байланыштуу ишти карады. Түшкө чейинки жараянда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам сот отурумдарына катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкиледи. Мындан улам аны сот залынан алып кетишти.

Сот отурумунун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришти. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Кийинки сот процесси 11-апрелге белгиленди.

Буга чейинки соттук жараян учурунда мурдагы президент өзүн жаман сезип, аны "Тез жардам" унаасы алып кеткен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге "Батукаев иши", Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү өңдүү айып коюлган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости