www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы тарабынан Предтеченка айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы С.А., жер мыйзамдарынын нормаларын одоно түрдө бузуп, муниципалдык жер участокторун жеке менчикке тооруксуз сатып жибергендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Москва райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрүү жана айыл өкмөтүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча маселени чечүү сунушу киргизилген.

Сунушту кароонун натыйжасында Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы С.А., ээлеген кызматынан бошотулду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости