www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Сай айылы Баткен облусу үчүн эле эмес, өлкө үчүн да өзгөчө стратегиялык аймак. Ар тарабы Тажикстан менен чектешен Ак-Сай  аркылуу Лейлек району менен Сүлүктү шаарына жана Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айылдарына жол өтсө, Баткен районуна Төрт Гүл каналы аркылуу суу өтөт. Жол экономиканын артериясы болсо, суу өмүрдүн булагы. Мына ушул өңүттөн алып караганда алакандай болгон Ак-Cай айылынын баасы өлкө үчүн канчалык экендигин түшүнсө болот.

Ак-Cай айылы тээ СССРдин тушунда Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактары менен бир совхоз болуп турган. Ошондо эле тажик айылдары менен шахмат түрүндө жайгашып калган айылдардын арасындагы жер-сууга байланышкан чыр-чатактар байма-бай чыгып келген.

Өзгөчө 1968-жылдагы, андан кийинки 1989-жылдардагы тажик-кыргыз жаңжалы дагы кан төгүүлөр менен коштолгондугун эске алсак, бул аймака тийешелүү чек ара тилкелерин тез аранын ичинде тактап, делмитация, деморкация иштерине чекит коюу зарыл. А бирок, жөн эле айтып койгонго жеңил көрүнгөнү менен аны ишке ашыруу өтө эле оор. Себеби, коңушу бир көчөдө жашашкан тажик-кыргыз тургундары өздөрү жашаган айылдарын алмаштыргысы келишпейт.

1975-1989-2013-2014-2019-жылдардагы чыр-чатактардын чыгыш себептердин бардыгы жер-сууга байланышкан жаңжалдар. Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында болгон жаңжалда Аксай-Тамдык жолуна байланыштуу экендигин эске алсак, узак жылдардан бери улам кайталанып жаткан жаңжалдарды чечүү боюнча эки өлкөнүн Өкмөттөрү бул жолкусунда олуттуу киришчүүдөй.

Жогоруда белгиленгендей Ак-Сай аймагы чыр чатактын жаңжалдын чордонуна айланып калгандай. Ошондуктан чек арада жашаган Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү 2296 кожолук, ага кошумча  Ак-Тарыр айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Терек, Орто-Боз, Мазейиттин жериндеги  310 кожолукту мамлекет ар тараптуу камкордукка алуусу жана аталган айылдарга өзгөчө статус берүү жагын өкмөт ыкчам колоодо алса, жакшы болоор эле. Себеби, шарты катаал, өзгөчө стратегиядык аймакта калктын туруктуу жашап калуусун камсыз кылуу бул өтө манилүү маселе. Ак-Сай айылын мамлекеттин өзгөчө камкордукка алуу боюнча буга чейин да көп жолу сөз болгон. Бирок, ишке ашкан эмес. Бул жерде жашаган ар бир жарандын социалдык төлөмдөрүн, эмгек акыларын эки эсеге көбөйтүп, өзгөчө камкордукка алунуусу керек. Ошондо гана чек ара бүтүмдүктөрү сакталып, калктын туруктуу жашап калышына өбөлгө түзүлмөк.

Адылбек Акматов, Баткен облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости