www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу калайык калк, Кыргызстандын коомчулугу!

Биз, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясында жара­кат алган жарандардын башын бириктирген «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ошол убакыттан тартып Апрель элдик революциясынын даңа­залап жана анын максаттарын ишке ашыруу максатында бир топ ишчараларды өткөзүп ке­лебиз.

Коомчулукка маалым болгон­дой 2018-жылы 17-мартында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук би­рикмесинин мурдагы төрагасы М. Мискенбаев, Апрель элдик революциясынын башкы себеби К. Бакиевдин үй бүлөөлүк-клан­дык башкаруу болгондугун бий­ликке эскертип, КРнын Пре­зидентинин бир тууган иниси А. Жээнбеков депутаттык ман­датын өткөрүп берүүнү талап кылган.

Ошол убакыттан тартып бүгүнкү күнгө чейин бийликтарабынан ар кайсы себептер менен «Айкөл Ала-Тоо» коом­дук бирикмесинин мүчөлөрүнө кысым көргөзүлүп келет, акыр­кы убакыттарда биздин коомдук бирикмени тартып алуу боюнча рейдерлик чабуул жасалганын билдиребиз.

Белгилей кетсек мындан бир аз убакыт мурда коомдук би­рикмебиздин мүчөсү болуп эсептелбеген кандайдыр бир адамдардын тобу катышкан мыйзамсыз чогулуш болуп өт­көн. Ал чогулушка бийлик кы­зыктар болгондуктан райондук администрация тарабынан да­гы басым көрсөтүлгөн. Мый­замсыз жыйында «Айкөл Ала- Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчилерин алмаштыруу чечими кабыл алынып, коом­дук бирикменин төрагалыгына Жылдызбек Исаков дайындал­ган. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин башкармалыгы жана анын көпчүлүк мүчөлөрүөткөн чогулушту олуттуу нер­се катары кабыл алган эмеспиз, анткени анда кворум жетишсиз болгон жана коомдук бирикме­сине катталбаган жана белгисиз адамдар катышышкан.

Мыйзамсыз өткөрүлгөн жый­ындын чечиминин негизин­де Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Иса­ков Жылдызбекти “Айкөл Ала- Тоо” коомдук бирикмесинин төрагалыгына мыйзамсыз кат­тап койгон. КРнын Юстиция министрлигинин тымызын иш-аракеттери мыйзамсыз, ошондой эле мамлекеттик ор­гандын коомдук бирикменин ички иштерине аралашуусуна жол бербейбиз.

Жогоруда көрсөтүлгөн далил­дердин негизинде бийлик жана мамлекеттик органдар коом­чулукка кысым көргөзүп, куу­гунтуктоо жолу менен коомдук бирикменин ички иштерине кийлигишүүсү жалпы эле кыр­гыз коомчулугундагы абалдын жакшы эместигинен кабар бер­ген опурталдуу белги экенин белгилегибиз келет.

Айта кетсек, өткөн Прези­денттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду коомчулукта ак­тивдүү колдоп келгенбиз. Акы­ркы учурда аны президенттик кызматка жеткирүүгө жан үрө­гөн, ага ишенген адамдардын күтүлбөгөн жерден анын кас душманына айланганын көрүп турабыз. Алтургай, ага каршы добуш бергиле деп элди тыным­сыз үгүттөп жүргөндөр бүгүн анын ишенимдүү адамдардын катарына кирип калышканы ба­арыбызга белгилүү.

Апрель элдик революциясын­да элибиз жетишкен эркиндик жокко чыгып, көз көрүнө мый­замсыз аракеттеринен улам бү­гүнкү күндө кайра үй-бүлөлүк кландык башкаруу жолуна би­ротоло түшкөнүнө улутубуздун эркиндиги коркунуч астында калды!

Кыргызстанда Апрель окуяла­рынын аркасы менен бийликке жетишкен дагы бир үй-бүлөлүк кландык башкаруу баш көтөрдү жана ал өлкөнү басып алууну көздөөдө. Мындай аракет кор­рупцияга каршы күрөшүү деген ураанды жамынып алып, сая­сый оппоненттерди четтеттүү жолу менен ишке ашырылууда.

Коомчулук, Кыргызстандын элитасынын, ал кандай кооз ураандарды жамынбасын, же­ке, тар кызыкчылыгы, бийлик, мансап үчүн өз атасын сатып жибергенден да кайра тарт­пасына бүгүн дагы бир жолу ынандык. Эгемендүүлүк ал­гандан кийинки тарыхыбызда жеткен демократияны, бийлик эмес, эркиндик үчүн күрөшүп келген эл өзү гана коргой ала­арын түшүндүк!

Акыркы бир жыл ичинде ага –ини Жээнбековдордун жаңы бийлигинин тегерегине эл кор­рупционер, ууру деп атаган адамдар гана чогулуп жатканын кооптонуу менен байкап жата­быз. Жаңы бийликти Акаев ме­нен Бакиевдердин жакындары да колдоого алып, айга күнгө теңеп мактап жатышканы бе­керинен эместир... Алардын үн кошуп, жагалданып жатышка­ны азыркы бийликтин, мамле­кеттик аппараттын өзүлөрүнө окшошуп жаткандыгынан улам гана эмес, алар кайра кайтып келип, элибизди тоногонун улантууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөшүүдө.

Учурдагы жаңы бийлик бир жарым жыл ичинде Алмазбек Атамбаевди жана Апрель элдик революцисында жаракат алган карапайым калкты куугунтук­ка алгандан башка өлкөүчүн, кылган олуттуу иштери да бай­калган жок.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук би­рикмени рейдерлик жол менен тартып алуу аракети да мына ушундай куугунтуктоонун би­ри болуп жатканын айтууга ар­гасыз болуудабыз. Массалык маалыматтарга таянсак ошон­дой эле көрүнүш башка коом­дук-саясий партияларды дагы ар кандай жол менен басып алуу­лар болуп жатканы баарыбыз­га маалым.

Ошондуктан мындай суроону узаткыбыз келет: Эмнеге бий­лик «Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесин тартып алгысы ке­лет? Качкын А. Акаев жана К. Бакиев эмнеге жаңы бийлик­ке жагалданууда? Же апрелчи­лерди тынчытуу менен Акаев жана Бакиевдер өз максатына жетеби?

Биз, кандай кырдаалга туш келбейли, бизди бөлүп жаруу­га багытталган кандай гана аракеттер көрүлбөсүн, биздин туугандык биримдигибизди эч кандай шылуундук аракеттер же зомбулук менен эч ким бөлүп жара албайт, анткени өлүм ме­нен окко тике карагандар азы­ркы бийлике чындыкты бетке айткандан коркпойт.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн атынан

Последние новости