www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ҮЗӨНГҮ-КУУШ... ТЕКЕБАЕВДИН «ОЮНУ

Аксыдагы кандуу окуянын арманы али муздай элек кезде, арадан эки айга жакын убакыт өтүп-өтпөй, 2002-жылдын 17-майында Аскар Акаевдин бийлиги Үзөңгү-Куушту Кытай тарапка өткөрүп берүү боюнча даярдалган документти ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке алып келет. Ошондо ал документке кар­шы пикирин билдирип парламенттеги бир топ эл өкүлү залды таштап чыгып ке­тет. Алар менен бирге «Ата-Мекен» пар­тиясынын лидери Ө. Текебаев дагы кошо жөнөйт. Натыйжада отурумду баштоого кворум жетпей калат. Бирок... бирок көп өтпөй Ө. Текебаев кайрадан жыйынга кирип келет. Кайрадан кворум пайда бо­лот. Калганы техниканын иши дегендей 41 депутат Үзөңгү-Куушту Кытай тарап­ка өткөрүп берүү боюнча «макул» деген добуштарын беришип ратификация иш­ке ашат. Ал кворумду жараткан Текебаев болсо амалкөйлүк менен «каршы» деген добушун берет. Кеп анын берген же бер­беген добушунда эмес, эң негизки маселе Акаевдин бийлигин канаат­тандырганы Ө. Текебаевдин үзүлүп турган кворумду жа­ратып бергенинде болгон. Бул көрүнүштөн кийин зал­ды таштап кеткен Азимбек Бекназаров башында турган депутаттар тобу (калп дебес, азыр деле алардын эстеринен чыга элек болсо керек) «Ата-Ме­кен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мындай кадамын бийлик менен болгон жашыруун «сговор» ката­ры баалап, аны элдин жана мамлекет­тин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгы үчүн сатып жиберген чыккынчы катары айтып чыгышкан. Ошондон кийин эл оозунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүп кетишине Ө. Текебаевдин да салымы бар деген сөздөр айтылып калган. Анан да дагы бир белгилей кетчү нерсе, ошол окуялардан кийин Акаевдин бийлик жа­соолдору тарабынан оппозициялык маа­найдагы саясатчыларга болгон кысымдар күч алып өз пикир­лерин ачык билдиргендер биринин ар­тынан бири катуу куугунтуктарга ка­былып жатышты. А бирок, андай куу­гунтуктар негедир «оппозиционер» Ө. Текебаевди айланып өтүп жатты...

Айтмакчы, ал кездерде А. Акаевдин үй-бүлөлүк бийлиги өлкөдөгү бардык бизнес жайларды эле эмес, чуть эле «ска­мейкаларга» чейин көзөмөлүнө алып турган кез болуп калган. Ошол кез­де борбордун чок ортосунда Жогорку Кеңеш жайгашкан имараттын жанын­да «Дубовый парк» деген тамакта­нуучу жай боло турган. Муну ай­тканыбыз Үзөңгү-Кууш маселеси чечилгенден кийин ошол тамак­тануучу жай Ө. Текебаевге таан­дык болуп калганы туурасында коомчулук арасында абдан эле көп сөздөр айтылган. 2010-жыл­дагы апрель революциясынан кийин ошол «Дубовый парк» жаркыраган, эң кымбат тамактануучу «Фрунзе» ресто­ранына айланып, кийин ал жай Ө. Те­кебаевдин жубайына тийиштүү деген маанайдагы маалыматтар бир топ эле ММКларда жарыяланганы бар. Эми азыр анын баары бутташып-чатташып кетти, аныгын деле эч ким таба албай калды ок­шойт. Болгону, «Ата Мекен» партиясы­нын лидеринин ошондогу «оюндарын» жана эл оозундагы айтылып калган кеп­терди Өмүрбек Текебаевдин өз абийри­не койдук, «калк айтса да калп айтпайт» деген элдик накыл кепке таянуу менен.

Булак: Айгай

Последние новости