www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу 39 жаштагы жаранды атып кеткендер кармалды, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-июнга караган түнү болжол менен 00:30 чамасында Кара-Суу райондук милициясына райондун тургуну 39 жаштагы тургуну А.А.ны белгисиз адамдар атып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Натыйжада А.А. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Аталган факт Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 26-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Мындан сырткары, кылмышка колдонулган курал далил буюм катары документи жок ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынып, ага соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Кара-Суу раондук милициясынын Кылмыш иликтөө кызматкерлери табарынын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын жашоочулары 1972-жылы туулган М. А. жана 1964-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, Тергөө кызматына өткөзүлүп бериди.

Кылмышка шектүүлөр соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости