www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кара-Суу районундагы "МегаКомпани" ЖЧКсына тиешелүү бажы терминалы мыйзамсыз курулганын, ал мамлекетке өткөнүн УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы терминалы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтобүбү Оргалчага таандык болгон. Мартта аталган "МегаКомпани" ЖЧКсынын ишинин жана жер тилкесин алуусунун мыйзамдуулугу текшерилген.

"Терминал Талдык дарыясынын жээгинде суу коргоочу зонага курулганы, капиталдык курулуш ал жерде эч кандай уруксат берүүчү документтери жок тургузулгандыгы аныкталды. Келишимге ылайык, аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек болгон, бирок ал иштер аткарылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

 

Жалпы аянты 7,49 гектар жер тилкеси Бажы инфраструктурасы мамлекеттик ишканасынын балансына өттү. Жер тилкелеринин болжолдуу баасы 520 миллион сомдон ашык.

"Учурда болжол менен 54 миллион сомду түзгөн терминалдын мүлкүн өткөрүү процесси жүрүүдө", — деп жазылган билдирүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган жер тилкени "МегаКомпани" ЖЧКсы пайдаланган учурда бюджетке салык катары аз өлчөмдө каражат түшүп турган. Ал эми жер тилке мамлекеттик ишканага өткөндөн бери, 3-марттан ушул күнгө чейин, 22 миллион 188 миң 500 сом түшкөн.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости