www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДП Кыргызстандын «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамына ылайык иш жүргүзөрүн жана «Медиа Форум» ишканасында жайгашкан кеңсесинде иштей турганын "Азаттыка" билдирген.
«КСДП «Медиа Форум» ишканасынан кеңсени ижарага алып иштейт. «Форум» камакка коюлуп, Алмазбек Атамбаевге карата иликтөө иштери жүрүп жатканы менен партиянын кеңсесин камакка коё алышпайт. Ошондуктан биз кечээ «Форумга» бардык жана бизге кеңсе беришти. Биз бекитилбеген бөлмөлөрдө иштей беребиз», - деди Карамушкина.
Эске салсак, 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен "Медиа Форум" ишканасынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкүн камоого алган.
Булак: NazarNews.kg