www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ачыгын айтсам мурдатан эле келбети келишкен сулуу анан сексуалдуу келиндерге аябай кызыкчумун. Эмне балээм бар экенин билбейм. Өзүм музыкант катары тойлорго көп баргандыктан бойдок келиндерге көз арткан адатымды эч таштай албай койдум. Анткени абдан темпераменттүүмүн.
Жакында эле бир тойго барганда бирөөнү кылтакка илдим. Үйдүн ээси кудаларын жайгаштыргандан кийин төркү бөлмөгө кирип өзүмдүн миссиямды аткарып бир сыйра ырдап чыктым. Андан соң жаштар отурган бөлмөгө киргенде эле төрдө отурган сулуу келинди көрүп аз жерден ырдаган ырымдын баш-аягын таппай кала жаздадым. Баары каткырып көңүлдүү отургандыктан кантип жаңылганымды анча байкабай калышты.
Ошентип, үч ырды катары менен аткарып билмексен болуп чай ичип отуруп калдым. Бир маалда коноктор сыртка тыныгууга чыгышты. Ошондо мени менен тойго чогуу барган досум музыканы болушунча жаңыртып коюп калды. Эртеден бери ээлигип араң турган коноктор шалкылдап бийлеп киришти. Элди карап отуруп мен да чыдай албай кетип ортого чыгып кыйшаңдап калдым. Бийлегеним жагып калса керек. Баягы келин жаныма келип бийге тартты. Андижан бийинин музыкасынын коштоосунда сулуу келин экөөбүз болушунча өнөрүбүздү көрсөттүк.
Анан четке чыгып экөөбүз жакындан таанышып калдык. Аты Зульфия экен. Кыска убакыттын аралыгында эле өзү тууралуу мага кеңири маалымат бергенге жетишип, шаарда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өзү жалгыз жашаарын, мени жактырып калганын ачык эле айтты. Акыры той да бүтүп досум экөөбүз үйдүн ээси менен эсептешип алып аппараттарыбызды таксиге жүктөгөн соң анын үйүнө жөнөдүк. Жолдо баратканда күтүүсүздөн телефонум шыңгырап калды.
Трубканы алсам Зульфия чалган экен:
-Нурдин аке, мен жакшы жетип алдым. Бүгүн меникине келип түнөп кетпейсизби, - деген соң өзүнүн жашаган дарегин берди.
-Жарайт. Азыр эле барып калам..., - деп сөзүмдүн аягына чыкпастан жанталашып трубканы бастым. Досум үй-бүлөлүү болгондуктан аялына шашып мени айтылган дарекке тез эле жеткирип койду. Зульфия болсо күлүмсүрөп жакшы тосуп алды.
-Түн ортосунан ооп кеткен турбайбы. Башка күнү жакшылап коноктоюн. Азыр эс ала бербейлиби. Кандай дейсиз? - деди көздөрүн ойноктотуп.
-Мен да ошону айтайын деп жаттым эле, - деп калп эле уйкусураган кишидей түр көрсөттүм. Кайдагы уйку?.. Зульфиянын ысык койнуна киргенде көңүлүм сергий түштү. Жаш болсо да төшөк оюнунда бир топ тажрыйбалуу экен...
Экөөбүз эсибизди жыйып бири-бирибизге ыраазы болгондон кийин аны белинен бекем кучактап:
-Сен аябай сулуу экенсиң. Тажиктердин бир киносундагы актрисага аябай окшоштуруп жатам, - дедим суктанып.
-Менин атам башка улуттан. Сиз менин мурунку жигитиме аябай окшош экенсиз. Чынын айтсам ага өзүмдүн “кыздыгымды” арнагам. Биз үйлөнө турган жылы ал автокырсыктын кесепетинен оор жаракат алып майып болуп калганда айла жок ажырашканбыз.
Мындай кайгылуу окуядан кийин өзүмө келе албай эки жыл стресс болуп жүрдүм. Буга чейин турмуш куралы деп колумду сураган эркектерн көп эле кездешсе да эмнегедир эч бирөөсүн жактырбадым. Бирөө менен деле жүрбөйм. Бирок ысык жан болгон соң эркекти аябай каалайт экенсиң. Керектүү учурда дарыгерлерге көрүнүп гормоналдык дарыларды ичип өзүмдү алаксытканды көнүмүш адатка айландырып алгам, - деди үшкүрүнүп.
-Дары ичкенден деле тажасаң керек. Негизи баары бир эркек менен кошулганга жетпейт да, - дедим бул тууралуу оюн билгим келип.
-Тажаганды сурабаңыз. Дарыгерлер деле күйөөгө тийип же бирөө менен жүрүп ал деп ачык эле айтып жатышат. Эми буюрганын көрөбүз да. Сиз ушунчалык сексуалдуу бийлейт экенсиз. Ошон үчүн дүүлүгүп жаткым келген. Эми кайра каалай баштадым. Келиңизчи чыдабай баратам, - деп чалкасынан оодарылды.
Бул жолку “ишибиз” көп убакытка созулду. Көптөн бери эркек менен жатпай абдан буулугуп калса керек...
А.ШАКИРОВ
Булак: NazarNews.kg