www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге "Де-факто" гезити суроо салды.
--Кызмат абалыңыздан кыянаттык менен пайдаланган чайкоочулугуңуз качан токтойт?
--Космосбек Чолпонбаев деген шүдүңгүт министрликти мингенден бери карай саламаттыкты сактоо тармагы сазга батты. «Чү» дегенде реформа баштагандай таасир жаратып, ал аракетинин арты митинг-пикеттер менен коштолгон маалды кан буугандай токтотту. Андан ары калк айтса калп айтпайт дегендей, бул шумпай эмне максат менен кызматка келгени ачыкка чыкты. Көрсө, элдин чөнтөгүн кагып жаткан дары-дармек бизнесиндеги топту калкалоо үчүн конуптур. Алар азыр каалагандай тайраңдап жатат, жашырууга деле болбой калды. Анысына мейли деп кол шилтейин десең, коррупциянын болуп көрбөгөндөй гүлдөгөнү жанды кейитүүдө. Бекер берилүүчү «бахиласынан» баштап сатылууда. Көзөмөл жоголду. Саламаттыкты тастыктоочу «086» сындуу кагаздар көрүнгөн бейтапкананын босогосунда сатылууда. Жалаң бизнести ойлогон Космосбек саламаттыкты сактоо тармагынын деңгээлин батекке чейин түшүрдү.
--Космосбек Сариевич, чет өлкөдөн келген грантка кымбат баалуу жол тандабас сатып алганыңыз мыйзамсыз экени билинген, каражатын кайтардыңызбы? Дары-дармек саткан тармакта олчойгон коррупция бар экени тынбай айтылып келет, ага кандай чара колдондуңуз? Үйбүлөлүк медицина кызматкерлерине багытталган реформа аягына чыктыбы? Же ал деле баягы суу кечпеген жел сөз боюнча калдыбы?