www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттин тышкы карызын төлөөнүн негизги көлөмү 2025-жылга жана анын эӊ жогорку чеги 2028-жылга туш болоорун маалымдады. Экономика министри Санжар Муканбетов "бүгүнкү күндө ИДПга карата өлкө карызынын деӊгээли 48%ды түзөт. Бул көрсөткүч 80%га жетсе өтө кооптуу деп эсептелет", -деп кошумчалады. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан тышкы карыздарын жерлери менен төлөбөстүгүн ишендирип өттү. «КР Өкмөтү бул маселе боюнча так жооп берди», - дейт ал.

Талкуу жүрүшүндө депутат Аида Касымалиева өлкөнүн тышкы карызын төлөө механизмдери боюнча көрүлүп жаткан чараларга тынсызданып, Кыргызстан өзүнө алган каржылык милдеттемелерди аткара албай калган учурда кандай болооруна кызыкты.

Депутат А.Касымалиева тышкы карыздарды төлөө боюнча көрүлүүчү конкреттүү чаралар тууралуу маалымат берүүнү талап кылды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйыны болуп, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости