www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз энергетикасынын жүрөгү Токтогул ГЭСи. Убагында чоң эмгек менен курулган. Бардык союздук өлкөлөрдүн катышуусу менен ишке берилген Кыргызстандагы бирден-бир эң ири объект. Ал эми андагы жабдыктар ГЭСке кандай ташылып келип, орнотулган билесиздерби? Ал жабдыктарды алып келүүдөгү сейрек кездешүүчү сүрөттөр менен  Александр Федотов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында бөлүшкөн.

Эми жабдыктардын алынып келүү жолуна токтололук. ГЭСтин турбиналары Украинанын Харьков шаарынан “Руслан” учагы, андан кийин ракеталарды жүктөөчү оор унаалар менен алынып келинген. Ал үчүн жолдун кууш жерлери кеңейтилип, далай көпүрөлөр оңдоодон өткөн. Бул жөнөкөй процесс болгон эмес. Рельефтин өзгөчөлүгү чоң тоскоолдук жараткан. Бирок, жабдыктар ийгиликтүү жеткирилген.

Ошентип Токтогул ГЭСи ишке киргизилген. Ал иш чаранын бардыгын кинооператор Сергей Чадин тасмага түшүргөн.  

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости