www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кугtoday сайтын парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековго 30 миң сом төлөп берип, талаш жараткан макалаларды өчүрүүгө милдеттендирди. Келдибеков бул басылмага каршы былтыр декабрда доо арыз жазган болчу.
Былтыр күзүндө Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековдун арызынын негизинде "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди ага 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирген. Анда мурдагы спикер гезитте басылган айрым маалыматтар "кадыр-баркыма шек келтирди" деп, "Азия Ньюска" каршы эки арыз жазган. Экөө тең анын пайдасына чечилип, "ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом төлөнсүн" деген чечим чыккан. Кийин, тараптар өз ара сүйлөшүү жолу менен маселени тынчтык келишими же эркекче сөздүн негизинде бүтүрүшкөн.
Жакында "Азия Ньюс" гезитинде "Келдибеков элден чыгып, жулкунуп атып бирди көрөбү?"- деген макала жарыяланып, дагы ызы-чуу болду. Автор биздин гезиттин редактору Нургазы Анаркуловду да кошуптур. Как-будто биздин редактор столду катуу муштап, "Ахматбек Келдибеков менен болду иштешпейм"- деп айткан имиш. Бул тууралуу Н.Анаркулов: "Аслан менин досум... А дос деген ортодо болгон сөз тууралуу ар кимге ар кандай кеп таркатканы туура эмес. Эми бул досум адамдарды кагыштыруу, ортодон интрига жаратуу жагынан уста экен, айла жок болуп жатпайбы. Мен болгону, "мындан ары Ахмат аке экөөңөрдүн ортоңордо маселе жаралса - ортого түшпөйм, өзүңөр чечип алгыла, мени аралаштырбагыла" деп айткам. А ал бул кепти таптакыр башка өңүттөн оодарып, чыгарып салыптыр. Бул кылганы албетте, туура эмес. "Сенин акалариң" деп сүйлөгөндө да айтам дайым, "мен мындайды жактырбайм, бөлүнбөйлү" деп. А эми алар ортосундагы маселени кантип чечет, көрө жатарбыз",- деди.
Ахматбек Келдибеков акыркы кезде прессага тынбай чыга баштады. Шайлоо алдында бул саясатчынын күчтөнүп жатканы кимдир бирөөлөргө жакпай калса керек, -деп "Майдан.kg" гезити жарыялады.
Булак: NazarNews.kg