www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия менен Пакистандын Кашмир талашы дүйнөгө  чоң алааматтарды алып келиши мүмкүн. Индиянын калкы Кытайга чамалаш бир жарым миллиард болсо, дүйнөдө калкы жагынан бешинчи орунда келаткан Пакистандын калкы  Орусиядан көп, 220 миллион адамга жетти. Индиянын тарыхы кенен, байыркы. 1526-жылы ата-теги кыргыз Бабур “Биздин ак калпагыбыз азыркы элге жакпайт, биздин бийлигибиз жакпайт” - деп Индияга басып кирип укум-тукуму 200 жылдан ашык ээлик кылган... Учурда Бабурду өзбек калкы ыйык тутат, а биз кыргыздар Сулайман тоосун ардактаган анын таятасы Жунуска да, Бабурга да көп маани бербейбиз. 1617 жылы Бабур тукуму падыша Жахангир  Англиялык Ост-Индиялык компанияга Индия менен соодалашууга укук берген.1717-жылы падыша Фаррухтан мурду батып алган англичандар Бенгалияда салыгы жок соода кылууну талап кылышат. Ушундан улам талаш башталып, англичандар Индиянын аймагын басып алып отуруп, 1850-жылга карата дээрлик Индияны, азыркы Пакистан, Бангладешти караткан. 1857 жылы индиялыктар көтөрүлүшкө чыгышып, Англия аесуз түрдө жазалайт. Бабурдун тукумдарынан акыркы падыша Бахадур Шах куугунтук жеп, анын балдарынын барынын башы кесилет. Ошондон баштап бул падышачылыктын иши бүтүп, Индия Англиянын бир колониясы катары англиялык королго баш ийип калат.

1947-жылы Англиянын колониясы эсептелген көз карандылыкка жеткен Индиядан Пакистан бөлүнүп чыккан соң индустар менен мусулмандардын ортосунда жарым миллион адам курман болгон кандуу кагылышуу болгон. Көпчүлүгү мусулмандардан турган Түндүк-Чыгыш жана Түндүк-Батыш Пакистан Ислам мамлекетине айланат. Бөлүнүү учурунда ааламда жок миграция ишке ашкан:12 миллион индустар менен мусулмандар жер которушкан. 1971-жылы Пакистандан  Чыгыш Пакистан бөлүнүп чыгып бул мамлекет Бангладеш аталат.

Калкы эң көп сандуу, көп улуттуу азыркы Индияда ич ара жана коңшулар менен уруштар көп учурайт. Калкы жагынан Индиядан ашкан коңшусу Кытай менен талаш маселеси бар, 1962 жылы чек арада узакка созулбаган согуш болгон, талаш ошол бойдон келатат. Жер талаш согуштары коңшулаш Пакистан менен да 1947, 1965, 1971 жылдары болгон. Акыркы чыр-чатак 2019-жылы болгон.

Индия  1974-жылы ядролук куралдарын сыноодон өткөрүп,  «ядролук клубдун» мүчөсүнө айланган. 1998-жылы гана ядролук куралдарын сыноодон беш жолу өткөргөн. Индия сыяктуу 1990-жылдан Пакистан ядролук куралдарын өркүндөтө баштап АКШтын кара тизмесине кирет.

 Түштүк Азиядагы геосаясий кырдаалды аныктоочу бул эки мамлекеттин алакасы эң оор кырдаалдарда. Пакистан менен  Индия өрттө туулган, эмки жолу өрт аларды күм-жам кылышы ыктымал. Эки өлкөнү Индия субконтинентинин географиясы бекем бириктирсе, чар тарабынан табигый чек ара бөлүп турат. Алардын Кашмирди талашканы ар-намыстын да, стратегиянын да маселеси. Жаңы Дели Кашмирди толук көзөмөлгө алса, Борбор Азияга жол ачылат жана Индия Афганистандын чек арасына чыгат. Ошондо Пакистан Кытай менен чектешпей, Исламабад Бээжин менен мамиле күтүүдөн ала турган пайда азаят.

Пакистан өкмөтү Кытай менен достугун “тоолордон бийик, океандардан терең” деп сыпаттап, сурнай тартканды жакшы көрөт. Эгер Пакистан Кашмирге ээ болсо, тышкы саясатта анын да колу узарат. Эң маанилүүсү Инди дарыясынан сууну туруктуу ала баштайт. Азыр Пакистандын үчтөн эки бөлүгү Инди дарыясынан суу ичет. Суу тартыш болсо, Пакистандын пахта талаалары какшып, башка тармактары да кыйрайт. Индия менен Пакистан сууну бөлүп пайдалануу боюнча келишим түзгөн. Бирок, экөөнүн тең калкы тездик менен көбөйүүдө, климат да жылуу болуп баратат. Климат жылуу болгон сайын, суу азаяры калетсиз.

Жер талаштан улам Кашмирди үч мамлекет көзөмөлдүккө алган: Пакистан (85 846 км²)  түндүк батышында Гилгит-Балтистан менен Азат Кашмирди, Индия (101 338 км² ) борбор менен түштүктү: Жамму, Кашмир өрөөнүн жана Ладакхты көзөмөлдөйт, ал эми Кытай (37 555 км²) түндүк чыгышты, Аксайчин менен Транс-Каракорумду көзөмөлдөйт.

Индия менен Пакистан өздөрү көзөмөлдөгөн Кашмирдеги  бардык аймактарга ээ болгусу келишет. Индия андан тышкары  1963-жылы Пакистан Кытайга берген Аксайчинден башка аймактарга көз артат. Учурда «кекиртекке тыгылган» Кашмир маселеси ааламдагы эң оор алааматтардын бири, эгер Пакистан менен Индия Кашмир үчүн ядролук куралдарын пайдалана турган болсо жер шары огунан чыгып кетиши ыктымал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости