www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий сапар менен келген Черногориянын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович менен жолугушту. 

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Черногория менен өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. Адылбек Касымалиев ошондой эле Черногориянын Кыргызстандагы Ардактуу консулдугунун ачылышы жана ардактуу консулдун ишмердүүлүгү эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө, достук байланыштардын чыңдалышына жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңейишине олуттуу түрткү берерине ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде Черногориянын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Черногориянын эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-черногориялык мамилелерди соода-экономикалык, туристтик, айыл чарба жана энергетика тармактарында өнүктүрүү келечеги талкууланды. 

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Черногориянын расмий делегациясын Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун колдоосу астында 2027-жылы өтө турган экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга, ошондой эле Черногориянын спортчуларын алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катышууга чакырды.

Последние новости