www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинети «Кыргыз спутник» ачык акционердик коомун түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Жаңы мамлекеттик компания космостук технологияларды жаратылыш ресурстарын башкарууга жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн негизги куралы болуп калат. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди.

Долбоор улуттук аэрокосмостук маалыматтарды алуу жана пайдалануу системасын түзүүгө багытталган. Бул жерди пайдалануу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тармактарында чечимдерди так жана ыкчам кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Компаниянын негиздөөчүсү жана жалгыз акционери болуп Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аныкталды.

«Кыргыз спутник» инфраструктурасы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өнүктүрүлөт. Бул аймактык өнүгүүгө жана жаңы технологияларды тартууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Компанияны түзүү Кыргызстанда өзүнүн космостук компетенциясын калыптандырууга жана технологиялык көз карандысыздыгын бекемдөөгө негиз салат. Келечекте бул спутниктик маалыматтарды айыл чарбасында, суу ресурстарын башкарууда жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүүдө кеңири колдонууга жол ачат.

«Кыргыз спутник» долбоору өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана инновациялык келечегине багытталган узак мөөнөттүү инвестиция катары каралууда.

Последние новости