«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы көчөлөрдү жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Иштер түнкү саат 00:00дө башталат.
Бул иштерге 46 даана суу чачуучу жана айкалышкан атайын техника тартылып, алар таңкы саат 6:00гө чейин шаар боюнча жүрүп иштешет. Тазалоо иштери негизги магистралдык жолдорду да, кошумча көчөлөрдү да камтыйт.
Шаар тургундарынан жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.