www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Касым-Жомарт Токаев шайлоодо добуш берди

Бүгүн, 10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Нур -Султан шаарындагы №58 шайлоо тилкесине келип, добуш берди. Бул тууралуу "Nur.kz" басылмасы жазды. 

Казакстанда мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолку чакырылыштын депутаттары партиялык тизме менен шайланат.

Шайлоого жалпы 5 партия: «Нур-Отан» башкаруучу партиясы, 2 оппозициялык «Ак-Жол» менен Казакстан элдик партиясы, ошондой эле «Адал» жана «Ауыл» партиялары катышууда.

Ушул тапта өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин жана Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой добуштарын берди.

Бул эгемен Казакстандын тарыхында өтүп жаткан VIII парламенттик шайлоо. 16 жылдан бери алгач ирет мөөнөтүнөн мурда эмес, кезектүү шайлоо уюштурулду.

Партиялык тизме менен 98 депутат төмөнкү палатага 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо босогосу 7 пайыз.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости