www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Апелляциялык сот Жамбыл облусунун Кордой районундагы окуялар боюнча соттолгон жети кишинин төртөөнүн жазасын жеңилдетти.

Соттун 19-ноябрь күнү кечинде жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, төрт жылга соттолгон Рустем Бежибайдын, жана үч жылга соттолгон Ерлан Буралкинов, Алмат Тлеугалиев, Улан Атамбаевдин жазалары ушундай эле мөөнөткө эркин чектөө жазасына алмашылды. Алар дароо сот залынан бошотулуп, пробациялык көзөмөлгө алынды. Эркиндикте алардын ар бири 100 сааттан коомдук иштерди аткарышат.

Мекеменин пресс-релизинде сот жабырлануучулардын пикирин, прокурорлор менен адвокаттардын позицияларын, жазаларды жеңилдетүүчү жагдайларды жана массалык башаламандыктардагы ар бир соттолуучунун аракеттерин эске алганы белгиленген.

Бул иш боюнча соттолгон калган үч жаранга карата чыккан буга чейинки өкүм өзгөртүүсүз калтырылды.

Белгилей кетсек, 29-сентябрда Алматы горнизонунун аскердик соту Кордой районунда казак жана дунган улутундагы тургундардын ортосунда болгон кагылышуулардан кийин козголгон кылмыш иши боюнча дээрик 60 айыпталуучунун жетисине карата өкүм чыгарган. «Массалык башаламандыктарга катышуу» беренеси менен төрт киши үч жана төрт жылга соттолсо, «Уурулук» беренеси менен үч киши беш, жети жана тогуз жылга эркинен ажыратылган.

Быйыл 8-февралга караган түнү Кордой районунун Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында жергиликтүү казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжал чыгып, 11 адам каза болгон. Дагы жүздөн ашык киши, анын ичинде 19 полиция кызматкери жаракат алган. Бул окуядан кийин 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон. Кийинчерээк алардын көбү кайра кетишкен.

Бул окуядан кийин Жамбыл облусундагы бир катар аткаминерлер кызматтарынан кетишкен. Казак бийлиги 120 иш боюнча тергөө башталганын билдирген. Алардын арасында «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча козголгон 11 кылмыш иши бар.

27-мартта өлкөнүн Башкы прокуратурасы 25 киши камакка алынганын кабарлаган. Апрелде Кордой райондук соту айылдардын бириндеги жана жолдогу окуялар боюнча эки айыпталуучуга өкүм чыгарган.

Эске салсак, май айында Орусиядагы «Мемориал» борбору бул окуялар боюнча тергөө иштери ачык эмес, «бир тараптуу» жүрүп жатканын билдирген. Уюм өз макаласында казак бийлигин ачык тергөөгө чакырган дунган коомчулук өкүлдөрүнүн кайрылуусун жарыялаган. Анда «кармалгандар кыйноого алынып жатканы» жөнүндө да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости