www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жаңы бийлик "ала карганын атынан атап", өзүнө ылайык ат ыйгарып коёлу деп жатат", - деп жазды белгилүү журналист Манас Осмон өзүнүн Facebook баракчасына.

"Жаңы башмыйзам боюнча АКШнын куйруктары дагы ызылдап башташты. Ушулар эле реформа кылып, ушулар эле өздөрү каалагандай жашашы керек?!

Биз эч качан парламенттик системанын пайдубалын түптөй албадык. Акаев, Бакиев, Атамбаев жана Жээнбеков суппер президенттик системанын доорун сүрүштү. 40 тан ашык премьер министрдин колунан "пок" келген жок. Албетте, элдик талкуудан өткөндөн кийин анан, мамсистема кабыл алынат. Менимче, жаңы бийлик "ала карганын атынан атап", өзүнө ылайык ат ыйгарып коёлу деп жатат. Арийне, ага болбой эле АКШнын куйруктары биздей чор тамандарды сүйлөтө койбой, оозубуздан жулуп кетип атышпайбы.

Кана эми, чыныгы парламенттик системаны куруп, көз каранды, шерменде, коркок, чимкирик болбогон чыныгы парламент, чыныгы депутаттар шайланып келсе...

Кандай болгон күндө да, элдик референдум зарыл. Зордук, зомбулук же, тирешүү менен жакшылык болбойт!", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости