www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси боюнча КР Экономика министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, КР Маданият жана туризм министрлигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агентигинин жетекчилеринин катышуусунда министр Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  жана шаарлардын мэрлери (областтардын административдик борборлорунун башчылары) менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Казакбаев Министрлик региондордун потенциалын илгерилетүү маселесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, өлкөнүн экспорттук жана туристтик потенциалын илгерилетүү боюнча максаттуу иш алып барууга өзгөчө көңүл бура тургандыгын белгиледи. Ошону менен бирге, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынган (2020-ж. 16-октябрында) Кризиске каршы чаралар жана аракеттер планы тууралуу маалымат берди.Алсак, КР ТИМ Кризиске каршы чаралар жана аракеттер планына ылайык Министрлик КРдин чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен бирге экономикадагы көйгөйлөрдү чечүүгө, COVID-19 жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалды турукташтырууга көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

Последние новости