www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бейшеналы Нурдинов: “Элдин абалын ойлошубуз керек”

“Гемодиализ алуучулардын бюджеттик тизмеде тургандарынын кезеги жылып – жылбай жаткандыгынын себептерин иликтеп чыктым. Аларды медициналык жактан колдоого, - деп каралган каражаттар болгону 1408 кишиге гана ылайыкталыптыр. Кошумча – алымчасы да канча убакытта бир берилет белгилүү болоору такталган эмес”, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов.

Кур дегенде коррупциялык кылмыштардан өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир бөлүгүн дартына дабаа издеп жүргөн бөйрөк функциясынын жетишсиздигинин 5-стадиясындагыларга бөлүп берсе неге болбосун? – деген арга кеткендеги сунушун айткан депутат, - “Мамлекеттин менчигинде бир дагы гемодиализ менен жабдылган медициналык жайлар жок. Жеке менчик гемодиализ борборлорунун кызматтарынан пайдаланууга ММКФ жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каражат которулуп турат. Адистердин маалымдашынча, бул көйгөйдү чечүүнүн оңтойлуу жолу экен”, - дейт.

Кесипкөйлөрдүн такталган маалыматтарына таянган эл өкүлүнүн белгилешинче, гемодиализди бюджеттик негизде алуучуларга 4200 сомдон каралса,  ал эми жеке менчик борборлорго баргандар 6 миңден – 8 миң сомго чейин төлөөгө аргасыз болушат.

“Элдин абалын ойлошубуз керек. Бюрократиялык бут тосууларга жол бербөө зарыл”, - дейт Бейшеналы Нурдинов.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости