www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын валюта кору күн сайын 2 млн. долларга азайып жатат

Кыргызстандын алтын валюталык резерви төртүнчү ай удаасы менен кыскарып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.

Эскерте кетсек, алтын валюталык резерв август айында рекорддук көрсөткүчкө жетип, анан төмөндөй баштаган:

  • август — 3 миллиард 71,2 миллион доллар;
  • сентябрь — 2 миллиард 994,6 миллион;
  • октябрь — 2 миллиард 944,2 миллион;
  • ноябрь — 2 миллиард  817 миллион 160 миң;
  • декабрь — 2 миллиард 808 миллион 110 миң

Август айынан декабрга чейин (112 күн) кордун көлөмү 263 миллион долларга (суткасына эки миллиондон ашык) кыскарган.

Белгилеп кетсек, бул мезгил аралыгында Улуттук банк 246,3 миллион, анын ичинде декабрда 21 миллиондон ашык доллар саткан.

Ушул эле убакытта дүйнөлүк рынокто алтындын унциясы 96 долларга төмөндөгөн. Бул баалуу металл Кыргызстандын резервинин олуттуу бөлүгүн түзөт.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости