www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун ант берүү аземи

Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январь күнү өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратындагы ишенимдүү булактарына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, салтанат Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында болот.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон. Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган. Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости