www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өткөн суткада коронавирус жугузуп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, акыркы 24 саат ичинде коңшу өлкөдө 6 925 адамдан вирус аныкталып, 92 адам көз жумду.

Жуктургандардын көбү Алматы жана Нур-Султан шаарында катталууда.

"Бир нече күн мурда сутка ичинде каза болгондордун саны 110го жеткен. Ушул тапта өлкө боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 5 619га, пневмония өмүрүн алгандардын саны 3 660ка чукулдады", — деп айтылат кабарда.

Ооруканада жаткандардын ичинен 1,5 миң киши оор абалда болсо, 319у өтө оор абалда. Ал эми 160 бейтап өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруу аппаратында жатат. 

Өлкө бийлиги 2-августтан тарта Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Караганда жана Атырау шаарларында карантиндик чараларды күчөтүүнү пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости