www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Мен кээ бир саясатчыларга оюмду өзгөрттүм" дейт "Улуу Журт" саясий партиясынын лидери Анарбек Катаганов.
--"Күчтүү президент жаш саясатчылардын тиштери курч болуш үчүн өзүн тиштетет. Кыргызстанда толук жарамдуу саясий мектеп жок. Биз ар кимибиз өзүбүздү ким оппозицияда, ким орундуу саясатчылардын тегерегинде, шайлоолордо, митингдерде издеп жатабыз. Жаш саясатчылар өздөрүн көп убакыт бою издешет, ошондуктан акылдуу президент алардын сын сөздөрүн көтөрө алат. Коркутуп - үркүтүп, компромисс издейт, бирок отургузбайт.
Биз Сооронбай Жээнбековдун учурунда митингге чыкканбыз, бизге чыдады. Алмазбек Атамбаев бизди кекетти, бирок резиденцияга өз ара сүйлөшүүгө чакырчу. Өз тажрыйбама байланыштуу, мен кээ бир саясатчыларга оюмду өзгөрттүм. Биз "дежур" жаштарды да көрдүк. Өзүнөн кийин күчтүү саясатчыларды калтырыш - бул президенттин мурасы.
Бул менин постум урматтуу өнөктөшүм, кесиптешим Молдокматов Жеңишке арналат. Бийлик кайрымдуу болот деп ишенем!", - дейт Катаганов.
Булак: NazarNews.kg