www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоочулар өтө аз келгенине карабай, 2021-жылдын 10-январындагы референдумга катышкандардын көпчүлүгү президенттик система үчүн добуш беришти. 11-апрелдеги референдумда КР Конституциясы онунчу жолу өзгөрдү. Белгилей кетели, Кыргызстан эли отуз жылдан бери негизги талаптарын коюп келет - бул коррупцияны жоюу, натыйжалуу башкаруу жана мамлекеттик аппараттын чыгымдарын кыскартуу. Ошол эле учурда КРнын жаңы Конституциясынын негизги элементтери башкаруунун классикалык президенттик формасына шайкеш келбейт, ашыкча жагдайларга жана кайталоолорго орун берилген.
Конституцияны улам эле өзгөртө берүүгө болбой турганы түшүнүктүү. Бирок келечекти эске алганда, Баш мыйзамдын кемчиликтерин эртедир-кечтир оңдоого туура келерин унутпасак. Бийликтин жогорку органдарынын жумушунун эффективдүүлүгүн көтөрүү үчүн Конституциядан төмөндөгүлөрдү алып салуу керек:
Макамы жана ыйгарым укуктары азайтылган орган - министрлер кабинетинин төрагасын (премьер-министрди) алып салуу зарыл. Аталышы кандай болбосун, таза президенттик системада премьер-министр болбойт.
КР Конституциясы боюнча аткаруу бийлигиндеги бардык дайындоолор жана бардык чечимдер президенттин колунда. Президент "КР аткаруу бийлигин жетектейт". Ошол үчүн Конституцияда Президенттен сырткары "Аткаруу бийлиги" деген өзүнчө бөлүмдүн кереги жок. Бул ашыкча. Аткаруу бийлиги президенттик институттун курамындагы бөлүк жана президент тууралуу бөлүмдүн ичинде кетиши керек.
"Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына жеке жоопкеричиликте болот" деген жобого карабай, КР Конституциясында "Эгер ЖК республикалык бюджеттин аткарылышын канааттандырарлык эмес деп тапса, Президент Министрлер Кабинетинин жоопкерчилигин карайт" деп жазылган. Бул да ашыкча. Президент өзү дайындаган кызмат адамдары менен кандай териштирүүлөрдү жүргүзө турганын Конституцияга жазыштын кереги жок. Алардын иши үчүн Президент жооп берет, ал чечимдерди кабыл алат.
2. Президент өзү министрлер кабинетин жетектеши керек.
3. Президенттин администрациясын жана анын башчысын алып салуу зарыл. Президенттин алдындагы эки түзүмдү багуу Кыргызстан үчүн кымбатка түшөт. Президентке министрлер кабинети гана жетиштүү.
Конституция боюнча Президент өз Администрациясын да, Министрлер Кабинетин да түзөт. Экөө тең бир ишти эле жасашат. Президенттик системанын логикасына ылайык, бир гана президенттик администрация болушу керек, ал бир эле учурда Министрлер кабинети жана аткаруу бийлиги болот.
4.Референдумду дайындоо – мыйзам чыгаруу функциясы. Аны президенттен алып, мыйзам чыгаруучу орган - парламентке берүү керек.
Эгер парламент кайсы бир мыйзамды кабыл албай жатса, президентте парламентти айланып өтүп, ошол мыйзамды референдум аркылуу өткөрүп алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу парламенттин негизги мыйзам чыгаруучу функциясынын баасын кетирет.
Мындан сыркары, Конституция боюнча мыйзамды демилгелөө укугу президентте да, министрлер кабинетинин башчысында да бар. Бул ашыкча жана президенттик системанын логикасына карама-каршы келет. Себеби иш жүзүндө министрлер кабинетинин башчысы президент болуп жатпайбы.
5. Депутатты чакыртып алууну алып салуу керек. Бул феодализм дооруна жана социалисттик өлкөлөргө мүнөздүү институт. Депутат парламентте ачык-айкын жана чын сөзүн айтыш үчүн ага эркин мандат берилиши талап.
Ошондой эле депутаттардын санын 120дан 90го азайтуу кайсы бир деңгээлде парламенттин маанилүүлүгүн кетирет. Ал аткаруу бийлигинин алдында парламентти аярлуу гана кылбай, ЖК депутатын сатып алууга мүмкүндүк жаратат.
Буга кошо Конституцияда "коомдук-өкүлчүлүк" - Элдик Курултай парламенттин айрым функцияларын кайталайт. Бул ашыкча.
6. Юридикалык техниканы иштеп чыгып, Конституциянын түзүмүн оптимизациялоо зарыл. Чоң мааниге ээ эмес, эки беренеден турган бөлүмдөрдү (III. "Коомдун руханий-маданий негиздери") алып салуу керек. Бул ашыкча. Адамдын жана Кыргызстандын жаранынын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо - Конституциянын башкы максаты. Ошол эле учурда Кыргызстан адам укуктары боюнча ратификациялаган келишимдерге ылайык өз моюнуна милдеттемелерди алган. Мындан өлкөнүн имиджи жана көптөгөн экономикалык долбоорлор көз каранды. КР Конституциясы жалпысынан адамдын универсалдуу укуктарынын бүт тизмесин камтыйт. Бирок эл аралык келишимдерде жазылгандардан айырмачылыктар бар. Алардын кээ бирлери ошол укуктарды ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн.
Мисалы, Жарандык жана саясий укуктары тууралуу эл аралык пактыда ойдун эркиндигине эч кандай чектөөнү каралбайт (абсолюттук эркиндик), ал эми пикирдин эркиндигине айрым чектөөлөргө жол берилген. Конституцияда ойдун эркиндиги чектөөсүз экенине кепилдик жок, себеби ал пикирдин эркиндиги менен байланышта кетет. Конституцияда укук тууралуу нормалар түрдүүчө кайталанат, мисалы, коомдук бирикмелер тууралуу (8- жана 36-беренелер), дин тууралуу (9- жана 34-беренелер), ЖМК тууралуу (10-, 33- жана 66-беренелер), ата-энелердин жана балдардын укуктары тууралуу (20-, 26- жана 27-беренелер), маданият тууралуу (21- жана 48-беренелер), билим берүү тууралуу (22- жана 46-беренелер). Бул кайталоолор жана бир эле укукка карата ар кандай туюндурмалар аларды ишке ашырууда жана коргоодо көйгөй жаратышы ыктымал, аларды колдонууда жана чечмелөөдө карама-каршылыктарды жаратышы мүмкүн. КР Конституциясында жалпы берене бар, ал боюнча адамдын бардык укуктары " улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн". Эл аралык келишимдерде чектөө үчүн ар бир укук боюнча өз-өзүнчө шарттары болот.
Ошондуктан укуктарды коргоо үчүн 2010-жылдагы КР Конституциясынын 20-беренесин алуу максатка ылайык, анда бул милдет ийгиликтүү чечилген. КР Конституциясынан "Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн" (4-бөлүм, 10-берене) деген жобону алып салуу керек. " Моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктар", "коомдук аң-сезим" деген түшүнүктөр кеңири чечмелөөгө жатат, адамдын негизги укуктарынын бузулушуна коркунуч жаратат.
Ал эми "иш чараларды" чектөөгө көз караштын эркиндиги, ЖМКлардын эркиндиги, чогулуштардын эркиндиги, маалыматтын эркиндиги, билим алууга укук кириши мүмкүн. Бул КР Конституциясында жазылган негиздер боюнча чектөөгө жатпайт. Буга кошо "коомдук аң-сезим" деген түшүнүк ата-энелердин өз балдарын тарбиялоо боюнча мыйзамдуу укуктарына кийлигишүү тобокелдигин жаратат. Баланы мүмкүн болгон мыйзам бузуулардан коргоо Баланын укуктары тууралуу конвенцияга жана КР Конституциясынын 27-беренесинин 2-пунктуна ылайык, "баланын эң мыкты кызыкчылыктары" деген принциптин негизинде ишке ашат.
Ошентип, анык бир беренелердин туура эмес туюндурулушунан улам адам укуктарын ишке ашырууга тобокелдик жараткан тенденцияларды КР Конституциясынан алып салуу сунушталат. Процедуралык эрежелер бузулганы үчүн Баш мыйзамда ушундай көп каталарга орун берилди. 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан бери ЖКнын алтынчы чакырылышы өз ыйгарым укуктарын мыйзамсыз узартып алып, Конституциянын материалдык жана процедуралык нормаларын, ЖК регламентин жана башка мыйзамдарды биринен сала экинчисин бузуп келе жатат. Конституция укуктун жана эл бийлигинин үстөмдүгүн коргойт. Демек, Баш мыйзамдын өзү тийиштүү деңгээлде талкууланбаган, аңдап-жетилбеген шашылыш өзгөртүүлөрдөн корголушу шарт.
Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору
Булак: NazarNews.kg