www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Укук коргоо органдарынын каралар менен чырмалышуусу мамлекеттин алсыздыгынан кабар берет", - деди кечээ, 27-июлда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Руслан Акматбек. 

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын каралар менен чырмалышуусу мамлекеттин алсыздыгынан кабар берет. Мамлекеттик органдар жеке кызыкчылыгын коргоп, өзүнүн гана муктаждыктарына жооп берген мекемелерге айланды.

--"Кээде мамлекеттүүлүк Ак үйдүн тегерегинде эле деп ойлойм. Анткени мамлекет жарандардын кайсы көйгөйүн чечип жатат? Өткөн жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, ишкерлердин 65 пайызы бизнес жүргүзүүдө коррупция тоскоолдук жаратарын айткан. Бизнесмендердин 50 пайызы жеке менчикке кол тийбестиктин жоктугуна нааразычылыгын билдирген. Коопсуздук, укуктардын корголушу - жалпы коомчулук үчүн негизги муктаждык, ишкерлердин коопсуздугун жалпы абалдан бөлүп кароо туура эмес", - дейт активист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости