www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элди чочколор башкарып турганын билем, аларга сөз айтып түшүндүрө албайсың” –деп Жусуп Абдрахманов 1928-жылдын 18 –августунда Москвада жүрүп күндөлүктөрүнө жазып кеткен экен. Ал кыргыз дегенде чалкасынан жатып жүрүп, кыргыз эли өз алдынча республика түзүшүнө салым кошкон. Күндөлүктөрүн окуган киши байкайт, анын сүйүүсү орус кыздарына арналып, андан элдин айтуусу боюнча Орусиянын Владимир Путинден мурун премьер-министр болгон Евгений Примаков туулган. Примаков улуу Орусияны апааттардан сактап калган адам. Примаков дүйнөлүк саясаттагы алп жүрүм-туруму, кылдат тамашакөй мүнөзү, зор мээнеткечтиги, терең аналитикалык акыл-туюму жана тарых алдында өтөгөн вазипасы жагынан Улуу Британиянын легендарлуу премьер-министри Черчилль менен бир катарда турат. Черчилль чайпалбас мүнөзү, радиодогу коӊур доошу, жалындуу сөзү менен мекендештерине дем-күч берип, өлкөсүн 2-дүйнөлүк согушта жеӊишке жеткизгени маалым. Ал эми урабас тоодой былк этпеген Примаков Орусияны үч ирет оор апааттан сактап калды.

Биринчиси, 1991-жылы 20-августтагы ГКЧПда ал Коопсуздук кеӊешинин мүчөсү катары мамлекеттик төңкөрүшкө каршы чыгып, кутум лидери Янаевди Москвадан аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырган.Эгер Примаков болбогондо Форостон СССРдин президенти Горбачевди көөгөндөп салган ГКЧП Орусиянын президенти Ельцинди сары улактай садага чаап, жөн эле жок кылмак.

Экинчиси, 1996-жылы мамлекеттин тышкы саясый мекемесин жетектөө менен Батыштын «тепсендисинде» калган Орусияга империялык сый-урмат менен «горчаковдук консерватизмди» кайрып берди. Батышчыл маанайдагы мурдагы министр А.Козыревдон айырмаланып, АКШ жана Европа менен кызматташууда ал Орусиянын кызыкчылыгын катуу коргоп, чыныгы мекенчил духун көрсөтө алды. Бирок ошол эле кезде ал Батыш лидерлери менен сый мамилесин сактап, батыштын либералдык баалуулуктары менен чыгыш прагматизмин айкалыштыра билди. Примаков тышкы саясатта «көп полярдуу» доктринанын автору катары НАТОнун чыгышка карай кеӊейишине караманча каршы турду.

Үчүнчү ирет ал 1998-жылкы августтагы дүйнөлүк финансылык кризистен кийин өкмөт башчылыкка келүү менен Орусияны «тарыхый дефолттон» сактап калды.

Дүйнөлүк саясатта колуна калем кармап, тарыхый бурулуштардагы сөзүн, калкка кайрылууларын өзү жазган, артында атактуу китептери менен мыкты аналитикалык макалаларын калтырган лидерлер аз эле. Примаков менен Черчилль дал ошондой саясатчылардын сап башында турат. Экөө теӊ эмгек жолун журналисттикадан баштап, интеллектуалдуу адабиятта таасын из калтырышты. Черчиллдин калеминен жаралган «Экинчи дүйнөлүк согуш» аттуу атактуу беш томдугу адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыган. Ал эми Примаковдун «Чоӊ саясаттагы жылдар» (1999), «Жаӊырган ойлор» (2011), «Табышмактуу Жакынкы Чыгыш: XX кылымдын экинчи жарымы - XXI кылымдын башы» (2006), «Орусиясыз дүйнө: саясый кемчонтойлук эмнеге алып келет» (2010), «11-сентябрдан кийинки аалам» (2002), «Саясаттагы мина талаасы» (2006) сыяктуу китептери анын чоӊ жазуучулук таланты менен аналитикалык туюмунан жаралган мыкты чыгармалар болуп саналат. Анын китептерин барактаган окурман автордун дүйнөлүк саясый процессти тереӊ анализдегенине, ар бир сөзгө өзгөчө баа берерине жана сүйлөмдү кынаптоо жагынан чебер стилист болгонун билет.

Анын кайра келгис сапарга аттанышы менен орус коомчулугу акылы тунук, бийик интеллектуал, саясатта чанда жаралчу оор салмактуу зор могиканынан айрылган. Акыркы кырк жылда дүйнөлүк саясатта өзүнүн алп фигурасы менен эсте калган Евгений Максимович тууралуу жылуу пикирин анын америкалык оппоненттери да Мадлен Олбрайт, Струб Тэлботт, Генри Киссинджер, өлкө ичиндеги каршылаштары менен расмий бийлик да В.Путин, Д.Медведев, Г.Зюганов, А.Кудрин, аны менен ийин тиреше иштешкен постсоветтик саясатчылар да Н.Назарбаев, А.Лукашенко, Р.Отунбаева айтып чыгышкан.

1996-жылы аптаптуу июль айынын ортолорунда Примаков Орусиянын Тышкы иштер министри катары Бишкекке расмий сапар менен келип, ал кездеги кыргыз коллегасы Роза Отунбаеванын эки күндүк коногу болгон. Орусиялык делегацияны Отунбаева Ысык-Көлгө алып барып сыйлаган. Министрдин атынан берилген Чолпон-Атадагы сый-тамак үч-төрт саатка созулуп, Примаков менен Отунбаева эски достордой тамашалашып, астейдил юмор менен бири-биринин кебин илгиртпей улап. Кантсе да түбү кыргыз Жусуп Абдрахмановдун уулу эмеспи, кыргызча билбесе да, жүрөгү кыргыз деп соккон адам болгон. Анын акылынын тунуктугу, өз командасына жасаган карапайым мамилеси, каалоо-тилек айтып жатканда дилинин тазалыгы менин тереӊ суктанууну жаратчу. Дүйнөлүк геосаясый татаал маселелерди жөнөкөй эки-үч сөз менен түшүндүргөндө анын энциклопедиялык билими, бийик интеллекти жарк деп ачылып жатты. Айрыкча кыргыз коллегасы Роза Отунбаевага өзгөчө сый-урмат менен мамиле жасап, саясый турмушта жолдору кайчылашкан жагымдуу эпизоддорду эскерип отурду.

Кечки сый тамактан соӊ ал менин жергиликтүү басылма үчүн маек куруп берүүгө өз макулдугун берген эле. Резиденциянын биринчи кабатында 40 мүнөттөй маектешкен. Ал маек кыргыз маалымат беттеринде жарык көргөн. Маектеги айтылган ойлор, андагы проблемалар азыр да өз актуалдуулугун жоготпоптур. Андыктан ошол маекти кыргыз окурмандарына дагы бир ирет сунуш кылып, бүткүл өмүрүн өз өлкөсүнө арнаган мекенчил инсан, чыныгы патриот, дүйнөлүк масштабдагы саясатчы жана Кыргызстандын жакын досу Евгений Максимович Примаковдун жаркын элесин дагы бир ирет эстеп койсо болот.

Евгений Примаков: «Кыргызстан мага чоӊ саясаттын дарбазасын ачкан»

- Евгений Максимович, бүгүнкү күнү НАТО менен Россиянын ортосунда чоӊ тирешүү пайда болду. НАТО Чыгыш Европадагы экс-социалисттик мамлекеттерди мүчөлүкө кабыл алдууну пландаштырууда, ал эми Россия НАТОнун Чыгышка кеӊейишинче караманча каршы болууда. Эмне үчүн Россия эгемендүү Польша, Чехия, Венгрия, Словакия ж.б. мамлекеттердин НАТОго киришине каршы?

- Биринчиден, биз бүгүн НАТО Россиясыз эле Чыгышка кеӊейет деген Батыштагы оппоненттерибиздин ой-тилегин өзгөрттүк. Азыр НАТО жетекчилери Россия менен конструктивдүү диалог түзүү керектигин айтышууда. Демек алар биз менен эсептешүүдө. Бирок Россия макул болбой турган принципиалдуу нормалар бар. Ал – НАТОнун Россиянын чек араларына чейин кеӊейиши. Бул боюнча биз эч качан компромисске барбайбыз. Башка суроолор боюнча НАТО менен компромисттүү диалог курууга болот. Маселен, эгерде НАТО Чыгыш жана Борбордук Европа мамлекеттерине коопсуздук гарантиясын бергиси келсе ага Россияны катыштырбай деле бере берсин. Ошончо эле алар өздөрүнүн коопсуздугунан чоочулап жатышса алсын НАТОнун гарантиясын (!). Ага биз каршы эмеспиз.

НАТО кайсы бир өлчөмдө эволюцияланып, европалык элементти өзүнө көбүрөөк сиӊирүүдө. Бир кезде глобаолдуу согуштун коркунучун токтотуу үчүн уюшулган НАТО уюму учурда регионалдык коопсуздукту сактоого салмактуу басым жасоодо. Айталы, Босния-Герцоговинадагыдай регионалдык жаӊжалдарды, конфликтерди жөнгө салуу үчүн атайын операцияларды жүргүзүүдө. Мейли, ал ушундай багытта тактикалык, жаӊжалдуу региондорго тынчтык орнотуучулук миссия аткара берсин. Көрүнүп тургандай, кээ бир принциптер боюнча НАТО менен Россия тил табышса болот. Экөөнүн мамилеси анчалык эле трагедиялуу эмес. Бирок НАТО Россиянын турмуштук, улуттук коопсуздугун бузбоосу керек.

- Россия араб-израилдик жанжалды жөнгө салууга катышабы?

- Оболу Россия Мадрид келишиминин тнтөрагасы болуп эсептелет. Араб-израилдик жаӊжалды жөнгө салууда Россия Американын көлөкөсүндө калып, аванценадан кетүүнү каалабайт. Россия мында өз ролун ойнойт. Бул роль антиамерикалык эмес. Бүгүн Америка менен атаандашкан конфронтациялык «кансыз согуш» мезгили эбак өткөн. Маселен, мен Жакынкы Чыгышта болгонумда биз АКШнын мамлекеттик катчысы Уорен Кристофер менен чогу иштедик. Биз Жакынкы Чыгыш регионунда тынчтыктын болушун каалайбыз. Тынчтыкты орнотуу үчүн төмөндөгү эки нерсе аткарылышы лаазым: биринчи – Араб мамлекеттери менен Израиль токтоосуз түрдө, паузасыз, тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантуулары керек, экинчи – тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү нөлдөн баштабай, мурда жетишилген Мадрид келишиминин негизинде жүргүзүү керек. Жана да эки тарап бир-бирине ультиматум койбой сүйлөшкөнү оӊ. Адатта андай ультиматумдар тескерисинче согуш отун тутантат.

Жакында мен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаниягу, Палестинанын президенти Я.Арафат, Иорданиянын принци Хасан, Ливандын премьер-министри, Египеттин, Сириянын тышкы иштер министрлери менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Нетаниягу мага, ал Палестина менен да, Сирия менен да сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Дүйнөлүк коомчулук «Тынчтык үчүн – территория» деген принциптин сакталышын каалайт. Жакында Лондондо болгон «Жетиликтин» (7+1) жолугушуусунда ушул формула сакталсын деген пикир бир ооздон айтылды.

- Сиз жакында Ашхабадда тажик оппозициясынын лидерлеринин бири А.Тураджонзода менен менен көзмө-көз сүйлөштүӊүз. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болду?

- Тураджонзода экөөбүз Москвада Тажикстандын президенти Э.Рахмонов жана тажик куралдуу оппозициянын лидери Нури менен өз-өзүнчө жолугуп, тынчтык тууралуу, диалогду улантуу тууралуу келишимге жетиштик. Эки тараптуу тажик жолугушуусу жогорку деӊгээлде даярдалышы керек. Эки тарап менен теӊ сүйлөшүп көрүп, мен Э.Рахмонов да, оппозиция да тынчтык үчүн жолугууга даяр экендигин түшүндүм.

- Акыркы кезде Тажикстанда жарандык согуш кайрадан жанданып кетти. Буга ким күнөөлүү?

- Тынчтыктын бузулуп, тажик-афган чек арасында согуштун күч алышына оппозиция күнөөлүү. Мен муну Сизге толук жоопкерчилик менен айтып жатам.

- Бул тууралуу Тураджонзодага айттыӊызбы?

- Ооба, айттым. Ал мойнуна алды.

- Ал эми Ирандын Тажикстандагы кызыкчылыгы кандай? Себеби Иран да, Россия да ал жерде көрүнүктүү роль ойногусу келет.

- Иран Тажикстандагы абалды татаалдатып, согушту улантып турууга кызыкдар деген анализ бир жактуу деп эсептейм. Учурда Тажикстандагы акыбалды бейстабилдештирүү Ирандын кызыкчылыгына кирбейт деп ойлойм. Тажик оппозициясынын кээ бир лидерлеринин аркасында Иран турганы менен ал эч кимди атуулдук согушка үндөбөйт.

Тажик жергесиндеги жаӊжалды жөнгө салуу Россиянын мойнундагы чоӊ милдет. Аерде россиялык 21-аскер дивизиясы, чек арачылар турууда. Албетте, биз тынчтык үчүн эки тарапка теӊ таасир эткенге аракеттенебиз. Ал эмес официалдуу бийликке каршы согушуп жаткан куралдуу оппозиция россиялык күчтөрдүн бардык процесстерге катышышын каалайт. Алар бизге муну ачык айтышууда. Эгерде Россиянын куралдуу күчтөрү Тажикстандан чыгып кетсе, бир гана Душанбеде атуулдук согуш алоолонбой, ошондой эле Борбор Азиядагы постсоветтик мамлекеттерде бейстабилдүүлүк башталышы толук мүмкүн. Коӊшу Афганистандан келаткан согуш толкунун азыр Россия кармап турат. Эгерде кое берсек толкун бир эмес, бир нече мамлекетти каптап кетет.

- Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кандай баалайсыз?

- Кыргызстан КМШ рамкасындагы интеграцияга активдүү катышууда. Жакында түзүлгөн төрт республика ортосундагы Бажы союзуна Орто Азиядан эки республика – Кыргызстан менен Казахстан кирген. Россия Кыргызстан менен жүрүп жаткан интеграцияны кошколдоп жактырат. Бирок мамлекеттердин эгемендүүлүгү, чек араларынын бүтүндүгү бекем сакталуусу керек. Улуу Россия ушул принциптен тайбайт.

- Кезегинде Сиз СССР парламентине Сокулук районунан депутат болгон элеӊиз. Андан бери Кыргызстанда эмнелер өзгөрүлүптүр?

- Туура, СССР Илимдер Академиясынын Дүйнөлүк экономика институтунда директор болуп турганымда Кыргызстандан СССРдин парламентине депутат болуп шайлангам, ошондон соӊ чоӊ саясатка аралаша баштадым. Менимче андан бери көп деле нерсе өзгөрбөгөн. Айталы, адамдардын бири-бирине болгон боорукер мамилеси, улуттар ортосундагы ынтымактык баягы бойдон сакталуу экен. Мен ушуга абдан ыраазы болдум.

- Кыргызстандагы орустардын, ж.б. орус тилдүү калктардын акыбалы Сизге кандай көрүнүүдө?

- Россия жакында Кыргызстан менен «Атуулдукту алуудагы кээ бир жеӊилдиктер» тууралуу келишимге кол койду. Бул албетте, кош атуулдук тууралуу проблеманы жеӊилдетет.

Менимче Кыргызстандын жетекчилиги башка улуттарга карата абдан акылдуу саясат жүргүзүүдө. Алар ириде этникалык орустардын, орус тилдүү башка калктардын бул жерден кетпешине кызыкдар. Себеби алар республикадагы социалдык-экономикалык инфраструктураны, илимий потенциалды жогорку деӊгээлде кармап турууга өз салымын кошууда.

Чет жердеги орустарды камкордукка алуу – Россиянын да милдети. Андыктан Россия жана Кыргызстан бул маселелерди өз ара теӊ укуктуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде ийгиликтүү чечүүдө.

- Сиздин Кыргызстанда досторуӊуз, көӊүлү жакын жолдошторуӊуз барбы? Алар кимдер?

- Бар. Улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовду мен жакын досум, жакшы жолдошум деп эсептейм. Узак жылдар бою биз үй-бүлөбүз менен катышып, жылуу мамиледе болуп келдик. Акыркы убакта ал Люксембургда, кийин Бельгияда элчи болуп жүргөнүнө байланыштуу байма-бай катташа албай калдык.

Кийин бул жерде көп жаӊы досторду таптым. Тышкы иштер министриӊер Роза Отунбаеваны жогорку интеллектуалдуу, акылдуу жана кара кылды как жарган калыс адам катары көптөн бери жакшы тааныйм.

- Маегиӊиз үчүн рахмат, урматтуу Евгений Максимович

- Сизге рахмат! Акыркы эки жылдан бери кеӊ-кесири интервью эч бир газетага бере элек болчумун. Мындай маектешүү Сиздин энчиӊизге буйруптур.

Маектешкен Уран Ботобеков,

16-июль, 1996-жыл.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости