www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамзат адатта Жердин орбитасын кесип өткөн жана ири делген астероиддер менен кометалардын 40 пайызын гана билет, бирок бүгүн мындай объектилердин 25 миңден ашык экени белгилүү болду. Бул тууралуу РИА Новости БУУнун Илимий-техникалык комитетинин отчётуна шилтеме берип жазды.
"Жерге жакын объектилердин болжол менен 40 пайызы гана аныкталган деген маалымат бар", — деп айтылат комитеттин отчётунда.
Документте 2020-жылы 40тан ашык мамлекетте жайгашкан астрономиялык обсерваториялар тармагы астероиддер менен кометаларга байкоо жүргүзүп, дээрлик 39,5 миллион маалыматты жаздырып алганы белгиленет.
Эске салсак, 2021-жылдын 17-апрелине карата илимпоздор Жерге жакын болгон 25 647 объект тууралуу кабардар болушкан. Былтыр ушундай 2 959 объект табылып, рекорддук санга жеткенин кошумчалашкан.
Булак: NazarNews.kg